Азат Болотбек "Эстеликтин монологу"
03:46
6,92 Мб
Жүктөлгөн: 06-05-2010
Сөзү:К.Ташбаевдики
Обону:Д.Шаршеналиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(3 добуш)
Адам элем жайы-кышы малын баккан,
Алаканы чор болуп, чөбүн чапкан.
Жолго түнөп, түн ичи казан аскан,
Чакмак уруп, от алып кара таштан.

Мен азыр эстеликмин, ушул экен тагдыр жолу,
Таштан жасап коюшкан адам колу.
Курсагымдын билинбейт ачы-тогу,
Дүйнөнүн билинбейт бары-жогу.

Адам элем эртелеп ишке кеткен,
Белинде нан, колунда орок, кетмен.
Коломтодо от өчпөй турсун үчүн,
Отун алган балдарын эркелеткен.

Мен азыр эстеликмин, кыздарга кагылбайт каш,
Эстеликмин көзүмдөн жашым тамбас.
Мен жеңиштин уулумун таштан бүткөн,
Мен эненин уулумун үйгө барбас.

Адам элем кайгысыз, бактысы ашкан,
Жылдызы мол көрүнүп түптүз асман.
Адамдыкты талашып бара жатсам,
Огу тийди адам жасап, адам аткан.

Мен азыр эстеликмин, балдарым түшкө кирбейт,
Үшүбөйм кышкы суук мага тийбейт.
Кыймылдабайт колдорум, бут шилтенбейт,
Бир чоңойгон досторум мени билбейт.

Комментарийлер (12)

06.05.2010. 14:43
 Colt45
Илгери Говард Лавкрафттын "Зов Ктулху" деген китебин окудум эле, ырды укканда шарт ошол китепти ойлодум.
Ыр жеке өзүмө жаккан жок, аффтар мага таарынбаңыз. degustibus non est disputandum дегендей "о вкусах не спорят"
З.Ы. Зов Ктулху- абсурдизм категориясына кирет))
ыр дагы маааниси ошодой экен, түшүнө киргенин жазкандай болуптур.
07.05.2010. 18:33
 Адам
Балким Каныйкейге атаандаш катары ырдап жаткан болушу мүмкүн. Эмнеси болсо да "атаандаш" боло албаптыр..
Ыр орто экен.
12.05.2010. 04:42
 Arstan
Билбейм не дешти .
16.12.2011 22:15
taalaybek81
Arstan, жазба анда билбесен.
12.05.2010. 19:54
 KOLPOCH
Саламатсыздарбы!
Кыргыздын жамандыгын ушундан билсе болот. Алар бири биринин жасаган жакшылыктарын биле алышпайт.Жогорудагы чыгарманы тындап угуп, журоктон откоро албапсынар. azamatmart жазгандай бул чыгарманы копко уга албайсын. Бирок мааниси терен. Адамдын ахвалына туз таасирин тийгизе турган ыр. Силердин пикиринерден улам журогунордо кенедей да жоготуу жана патриоттулук туурасындагы ойлор жок экендигин билсе болот экен. Мээнер кунумдук жашоо менен эле алпурушуп калган корунот. Ушинтип
18.05.2010. 01:24
 Karamel
9-майга арналган ыр сыяктуу сезилди.
23.05.2010. 01:56
 Kagan
афтор бул ырды СССРдин убагында жазган болсо керек... анан согуш мезгили...
25.05.2010. 14:21
 Romashka
Iii, keremettuu yr eken?
Kim aytyp atat, kop uga albaisyng dep?
Kanykeige ataandashat dep, aytasyngar?!
Ozunor ushentip 4ygyp, yr yrdap 4ygargyla4y, biroonu jon ele, jakshy yry u4un kemsizdik kylbai?!
Men 3 kundon beri erteden ke4ke ugup atam!
Sogush ubagyna arnalgany tuura okshoit.
05.07.2010. 15:22
 Саулешка
хорошая песня!
06.11.2010. 07:09
 Baibolot
9-майда уга турган ыр экен.
31.01.2011. 12:55
 altynkyz
оор ыр экен! жалкообуз коп ойлонуп уккубуз келбейт да !
10.08.2011. 18:05
 nasi
Кыздарга кагылбайт каш дегени жакты ))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо