Жаныш Кочкоров "Өмүр дайра"
04:51
4,46 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2010
Сөзү:Карыбек Бегимкуловдуку
Обону:Жаныш Кочкоровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.40/5
(10 добуш)
Өмүр - дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең, кеч келбе.
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым отуз чактан өткөндө?
Асылкечим, кайдан чыга калдың, ай,
Минтип жашым кырктан өтүп кеткенде?

Жашоо - жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге?
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, белден каруу кеткенде.
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.

Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?

Караганда көзүңдөгү карекмин,
Каалаганда бышып турган данекмин.
Чагып жебей, өстүрүп же даанымды,
Чамам бүтсө, чал катары керекмин.

Комментарийлер (23)

13.05.2010. 13:20
 Colt45
Ретро ырлардан экен. Жакшы!
13.05.2010. 14:14
 Dooron
En jakshy jazylgan. Maanisi da, obonu da, airykcha kyrgyz aspaptary koshulgany adan saiyn kooz chygaryptyr. Supper!!
14.05.2010. 01:25
 aziattita
классика
25.05.2010. 06:07
 dodge
Супер!!!
07.06.2010. 14:00
 alimbekov
sonunn yr. emnege kochuruugo bolboit?????
01.07.2010. 03:17
 Kagan
Менин АПАма жаккан ыр мурун жаштыгымда укчумун..........
30.07.2010. 13:37
 Baihan
ЧЫнында эле эн сонун ретро классика
30.07.2010. 18:09
 Biroo
Эмне учун азыр ушундай уккулуктуу ырлар чыкпайт?Азыркы ырлар деле жакшы,бирок кээ бир ырлардын созунун мааниси жок.
08.11.2010. 06:31
 Arstan
Чынында менин апамда ушул ырды сонун ырдап калат кынылдап.Ырга соз жок.Просто кайфда уксан.
08.11.2010. 09:14
 gilrfkg
4inigi turmuwun irdaptir,sonun ir!!!!!!!!!!!!!!
27.12.2010. 01:36
 Kagan
Тактоо: созду К. Бегимкулов жазса керек эле....
04.04.2011. 01:14
 Syrttan
Абдан эле сонун ыр да бул ыр учун асынып алсан дагы эч нерсе болбойт.
08.04.2011. 19:57
 Takeshbek
Ыр деп ушуну айтта. Атаң көрү
25.08.2011. 23:28
 pazilat
Маныздуу ыр...
08.09.2011. 19:09
 nay
maanisi bar,jakshi ir kichinemde menda irdayt elem apam menen arnoo konsertin korup:).janysh kochkorov jan dili menen sonun irdayt unu da jakshi
16.05.2012. 21:16
 caida
минтип жашым отуз жаштан откондо! журокту козгогон саптар,арман да арман!!!
15.09.2012. 18:57
 Arzy_85
Созун билбейм обону Жаныш агайдыкы, ыр Шахра Талипова эжекебизге арналган.
16.10.2012. 00:18
 henry
Жаныш агайдын ырлары аябай жагат, башка ырлары болсо дагы загрузка кылгылачы сураныч!!
30.06.2014. 03:30
 zulunbekov
супер инфо сураныч Жаныш Кочкоровдун Ошолда тоолук кыргызбы атту ырын жуктоп кое аласыздарбы
30.06.2014 10:32
admin_superstan
zulunbekov, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
27.12.2015. 17:13
 hanzada_samatova
Оооиии жыргап уга турган ыр го чикин....
өзгөчө акыркы саптары жакты, Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.
13.08.2016. 17:28
 Akno2016
Мына ушуну ыр десе болот аригиналдуу ырларда
16.01.2019. 23:48
 Alixan-Nookat.2015
Марат Мирбек 2019-жыл 17-январь
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо