Түмөнбай Колдошов "Сиз жөнүндө"
03:13
7,33 Мб
Жүктөлгөн: 01-12-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:.Сатканбай Момуналиевдики
Обону:Т.Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.56/5
(9 добуш)
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.

Комментарийлер (12)

01.12.2014. 16:56
 Samandar
Сонун ырдаптыр
01.12.2014. 20:00
 Oolokon
Эн сонун азаматсын!!!!!!!!!!!!!!!!!
02.12.2014. 00:22
 Dalina22
En jakwy yr eken. Azamatsyzdar talantynyzdar orkundoi bersin
02.12.2014. 09:55
 Batma.Sh
Талантың ташкындай берсин.
02.12.2014. 11:16
 URTI
Жакшы ыр негизи.....
04.12.2014. 17:41
 malyy
Жакшы ырдаган
19.12.2014. 18:03
 suiuktuujar
Эн мыкты ыр
20.12.2014. 22:28
 yujanka
klass
26.12.2014. 23:30
 muke.1971
Жакшы
16.04.2015. 12:51
 Munarka
сооонун ырдаган баардык ырлары жагат
22.05.2015. 20:59
 DOMIK
Сонун. Ырдаптыр
19.08.2015. 02:47
 Ba-xa
эрнис борубаев сонун ырдаган тумонбай ырларды жакшы жазат экен азаматсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо