Алтынай Нарбаева "Түгөйүмө"
04:00
9,15 Мб
Жүктөлгөн: 04-12-2014
Жанр: Эстрада
Сөзү:К.Калдыбаевдыкы
Обону:Р.Аттокуровдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(8 добуш)
Атар таңым, кубанычым, үйдө кутум,
Асыл жарым, ардагым, бакыт кушум.
Өмүр бою жаркырап жанымда жүр,
Өзүң барда мен үчүн дүйнө бүтүн.

Кайырма:
Сапарлашым, түгөйүм, сагынарым,
Сүйгөн жарым, эрмегим, жалынарым.
Мен карыйын түйшүгүң тартып жүрүп,
Сен карыба, жан биргем, кагылайын.

Бир өмүргө өзгөрбөс арчадайым,
Бийиктеги жылдызым, бак-таалайым.
Алдымда жүр жетелеп максаттарга,
А мен болсо артыңдан акмалайын.

Кайырма:

Кудай кошкон жандоочум, сүйдүрөрүм,
Угуп турчу, чынымды билдирейин.
Сенин барың суранып Жараткандан,
Сени менен түбөлүк бир жүрөйүн.

Кайырма:

Комментарийлер (12)

05.12.2014. 00:41
 Роза Шакирова
Алтынай эже кандай соонун ырдайсыз. Ыр оло жакты
06.12.2014 10:24
edu.kg
Роза Шакирова, Сиз деле жакшы ырдайсыз,корунбой кетинизго? Жаныр ырларыныздан качан угабыз?
08.12.2014 12:19
bekos2012
Роза Шакирова, Сиз деле Алтынай эжебизден кем калбайсыз, мындай чыгармаларды сизден да кутобуз.
05.12.2014. 15:52
 al79mi
СУПЕР!!!! соз жок!
05.12.2014. 16:19
 suiuktuujar
эжекебиз ырларды журоко жеткире ырдайтта супер
06.12.2014. 10:21
 edu.kg
Мына ушуну ыр десе болот,аябай жакшы ырдапсыз унунуз да жакшы сиздин. Коп коп ырларды жаратыныз...
06.12.2014. 23:01
 taalai.torkent
супер!
19.12.2014. 11:17
 asil-08
вообще класс.ырды угуп суйгон жолдошуму дагы да суйуп сагынып кеттим, мен карыйын туйшугун тартып журуп.
супер инфо сураныч текстин да жазып коюнуздарчы
27.12.2014. 11:15
 malina
текстин жуктоп коюнуздар......
05.05.2015. 20:33
 Mali-Guli
эн мыкты чыгарма ырдын текстин жазып коюнуздарчы
25.07.2016. 11:45
 jumai7984
Мага ыр абдан жакты, журокко жагымдуу ыр болуптур. Авторлоруна Жана Алтынай эжеге алкыш.Бирок,
сен карыба мен карыйын деген жерин башкача жазса болмок. Тен карыйлы деген сыяктуу.
24.01.2018. 13:49
 jumai7984
Сонун ыр. Нарбаеванын "Эгер колдо дүнүйөң болбосо" деген ырын жүктөп коюңуздарчы чоң сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо