Калыс Жакыпов "Өзүң бил"
04:12
3,85 Мб
Жүктөлгөн: 16-12-2014
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(2 добуш)
Жаңырган айды көрсөм,
Сени эңсеймин.
Ачылган гүлдү көрүп,
Аны сен деймин.
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Сагындым, саргайдым го,
Неге келбейсиң?

Кайырма:
Алты тоонун тескейи,
Алты куш аны эңсейби?
Алсырадым, аздым го,
Алтыным эрте келбейби?
Жети тоонун тескейи,
Жети куш аны эңсейби?
Жетимсиреп калдым го,
Жейреним эрте келбейби?

Өзүң бил,
Максатыңа эми жеттиңби?
Өзүң бил,
Биротоло менден кеттиңби?
Оо, гүлүм, кыйнадың го,
Мени мынчалык?
Же гүлүм, сагындырып,
Келем дедиңби?

Кайырма:
Тогуз тоонун тескейи,
Тогузу аны эңсейби?
Томсоруп калдым го,
Тоо гүлүм эрте келбейби?
Отуз тоонун тескейи,
Улар аны эңсейби?
Буулугуп калдым го,
Булбулум эрте келбейби?

Комментарийлер (3)

16.12.2014. 20:54
 zhyr
жакшы ырдаптыр молодец сыймыктын боломо деген ырын ремикс вариянтында ким ырдап чыкан билсениздер айтып койунуздарчы сураныч
18.12.2014. 13:24
 kaiurka
+5 азамат
13.01.2015. 04:11
 880909
сонун, соз жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо