Айпери Кубик кызы, Данияр Эрматов "Алдаба"
03:39
3,34 Мб
Жүктөлгөн: 23-12-2014
Жанр: Поп
Сөзү:Б. Борбиевдики
Обону:Б. Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.49/5
(37 добуш)
Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе,
Күйдүрүп жүрөсүң неге?
Үзүлчөөк биздин мамиле,
Элдерге окшобойт неге?

Сөзүңдү албадың беле,
Сүйөм деп калбадың беле.
Телефон кылам деп анан,
Күттүрүп чалбадың неге?

Кайырма:

Алдаба, алдаба сен,
Чалбадың не, чалбадың го сен?
Алдаба, алдабайм мен,
Чаламын деп, чала албадым мен.

Кечир деп барбадым беле,
Кечиримди албадым беле.
Чакырсам жолугушууга,
Келемин деп калбадың беле.

Элдердей жүрбөйбүз неге?
Сүйүүбүз от албайт неге?
Барам деп чыгынып жатып,
Чын эле, барбадым неге?

Кайырма:

Алдадым, алдадым мен,
Барбадым не, барбадым го мен.
Алдаба, алдаба сен,
Келемин деп, келбедиң го сен.

Алдадым, алдадым мен,
Жаманмын, жакшысың сен.
Алдадым, алдадым мен,
Жакшысың, жаманмын мен.

Комментарийлер (42)

23.12.2014. 17:47
 Puwkin
Бийлегим келип кетти супер 55555+++
23.12.2014. 21:13
 ysmanali
Дам дам тлалалалей дебей кичине чыдап турса ырдайт элего,ушинтип жакшы ырды бузуп коет биздин ырчыларыбыз
24.12.2014 00:08
Kudi
ysmanali, дам дам деген жери барда аргиналында баарын ырдаш керек ушинтип
24.12.2014 10:21
tumar88
ysmanali, ырды жаздырып жатканда жанында жургон адам жазгандай болуп калыптыр)) эмнеге шашышмак эле? :)
29.05.2015 19:08
eldar96
ysmanali,тескерисинче жакшы болуптурго дам дам
24.12.2014. 09:43
 zeet
Данияр озу керемет ырларды ырдайт
24.12.2014. 11:17
 burka
Данияр молодец мага жакты чындыгында дерский ыр болуптур! 2015 жылдын супер ырчы мырзасын супер ырын сен аласын деп толук ишенем
24.12.2014. 11:53
 haker_9500
Эркексин Данияр супер...
24.12.2014. 11:57
 almaz90
Сонун чыгыптыр соз жок
24.12.2014. 14:34
 Mumpusi0181
Азаматсынар! Айпери онорун оркундой берсин.
29.12.2014 03:36
akusya.kg
Mumpusi0181,
24.12.2014. 16:08
 suiuktuujar
Мыкты сөз жок.
24.12.2014. 18:28
 Maksutov.95
Саламатсызбы админ нон стоптун ырларын дагы жуктоп койунуздарчы сураныч
25.12.2014. 00:22
 zoro21
Хит ыр молодец Данияр.
25.12.2014. 00:57
 Mariyana
Соонун ырдашыптыр молодцы. .
25.12.2014. 02:17
 burusli91
Аранжировка жасап берген адамга рахмат айтыш керек ,Ильяз или Эдил жазаган билинип турат
25.12.2014 21:11
aibek0001
burusli91, туура айтасын,
25.12.2014. 02:17
 burusli91
Аранжировка жасап берген адамга рахмат айтыш керек ,Ильяз или Эдил жазаган билинип турат
25.12.2014. 21:47
 aibek0001
алдабасам чынында жакшы аткарышыптыр.
26.12.2014. 03:56
 jumatone
Сонун ырдапсынар эми жакшы бир клип тартып койгула
26.12.2014. 09:56
 realliver
Баары бир балдар кыздарды кобуроок куноолуу кылып коебуз э. Айпери "алдадым, алдадым мен" деп коп айтса, Данияр "алдаба, алдаба сен" дейт го
27.12.2014. 11:46
 Bakyt.92
суппер ырдалган.... азаматсынар!!!! чыгармачылык ийгиилик!!!
27.12.2014. 12:40
 jfj
Жакшы ыр болуптур, Айпери чын эле мурдагы ырларында мынчалык жакшы ырдайбайт болчу. Даниярга болсо соз жок, мен сени мактагандан тадабайм
27.12.2014. 12:50
 ana222
Эрматов ырларды жакшы тандайт озу
29.12.2014. 01:52
 Aselya_9105
Molosy! En sonun boluptur!!!
30.12.2014. 02:37
 Ima12
Кайра кайра угуп тажабадым эн жакшы
30.12.2014. 16:33
 admin_media
messi_1987,
Саламатсызбы! Кэшти тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
06.01.2015. 23:31
 mendiba
Жакшы
15.01.2015. 01:13
 nurik0080
Жакшы ыр болуптур алга
25.01.2015. 22:14
 jumatone
Айпери кандайсын аппак карлуу бийик тоолордо мен чонойгон шаарым бар деген ырды качан чыгарасын
29.05.2015. 19:07
 eldar96
достор айтып койгулачы мурун ким ырдайт эле
18.06.2015. 21:27
 avazkg
аябай жакшы болуптур
05.07.2015. 23:18
 dastan_nookat
Дагы дуэт ырдасаныздар!!
03.09.2015. 11:23
 Nurbolot_1990
Жакшы ырлардан сунуш кылгылачы купуя кат менен .Кимдин ыры айрымасы жок
04.09.2015. 16:37
 kuka.1515
Аябай жакшы ырдашыптыр
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо