Райкан Абдувалиева "Аял дебе"
03:02
2,77 Мб
Жүктөлгөн: 29-12-2014
Жанр: Поп
Сөзү:А.Кайназаровдуку
Обону:Г.Садыбакасованыкы
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(1 добуш)
Аял дебе, аялдын бил түйшүгүн,
Балдарым деп тынбай чапкан күн-түнү.
Түндүк болсо биздин жашоо илинген,
Аял анын тиреп турган түркүгү.

Кайырма:
Аял – жазсың, аял – күзсүң,
Аял – жайсың, аял – гүлсүң.
Аял дебе, аял – эне,
Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың.

Аял дебе, аялдын бил кадырын,
Аял тартат азабыңдын жарымын.
Ырыскысын балдарына таратып,
Ызатына жеткилечи аялдын.

Кайырма:

Аял дебе, кылба аялга кыянат,
Акыл калчап чыгаралык тыянак.
Арабызда аялзаты түгөнсө,
Ошол күнү башталат го кыямат.
Кайырма:

Комментарийлер (2)

30.12.2014. 14:44
 suiuktuujar
Керемет создор Кенже эжекебиз ырдасында бул ырды.
02.01.2015. 04:21
 alai81
Кенже эже жеткиреер жерине жеткирип ырдап койгон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо