Гүлжигит Сатыбеков "Бакыт издейм (New version)"
04:06
7,5 Мб
Жүктөлгөн: 15-01-2015
Жанр: Поп
Сөзү: Г.Сатибековдуку
Обону: Г.Сатибековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.58/5
(43 добуш)


Барбы өзү бул дүйнөдө бакыт деген,
Мөмөсүн кандай жандар татып жеген?
Таң эрте ойгоном да бакыт тилеп,
Кызарып күнгө кошо батып келем.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса.
Бакыттай, бакыттай,
Бакыттай сезилет да.
Келээрсиң, келээрсиң мага да,
Балким жазда.
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Барбы өзү, кандай неме сүйүү деген,
Жете албай канча жандар өксүп келген.
Саргайып тагдырымдан сүйүү күтүп,
Мен эми жашап калдым үмүт менен.

Кайырма:

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Сүйүүдөй, сүйүүдөй,
Сүйүүдөй сезилет да.
Келээрсиң, келээрсин мага да,
Балким жазда,
Негедир ал күндөр,
Ал күндөр кечигет да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым тамчылайт да.
Кечикпе!
Күтөмүн, күтөмүн ушул жазда,
Күтүүдөн жан дүйнөм,
Жан дүйнөм жанчылат да.

Себелеп, себелеп,
Себелеп жамгыр жааса,
Менин да көз жашым,
Көз жашым куюлат да.
Күтөмүн, күтөмүн,
Каректер толуп жашка,
Негедир ал күндөр келбестей туюлат да.

Комментарийлер (29)

15.01.2015. 21:00
 Wave
Азаматсын
15.01.2015. 22:39
 dastan_nookat
Кандай гана сонун ыр жакшы чыгарыптыр!
16.01.2015. 12:54
 noeli
уффф мынча сонун ыр болбосо.ммм мынча назиик чыккан.Гулжигит Сатыбеков талантынызга таазим,угармандарынызды кубандырып ушундай ырлардан кооп жарата бериниз.
17.01.2015. 15:26
 mendiba
Jakshy
17.01.2015. 23:57
 Marlen.
СупСупер
19.01.2015. 15:10
 Samandar
Сонун чыкан пианино кошуп койсо укмуш болмок
19.01.2015. 18:05
 turdumamatova
Ыр деп ушуну айт да рахмат гулжигит байке
19.01.2015. 18:15
 Arstan
Соз жок,жан эргиет го.
19.01.2015. 22:56
 ArGeN4iK
Ото сонун чыгыптыр ийгилик бар болунуз эл сиз менен ушундай хит ырларды чыгарып журо берин
20.01.2015. 20:57
 Ravshan91
Ийгилик сизге байке
20.01.2015. 23:29
 bossmos7
Азамат! Ырларын чыныгы жашоо! Алга !
21.01.2015. 00:48
 kushubakovaperi94
Таланттынызга таазим,ишинизге ийгилик каалайм. Ырыныз аябай жакты,соонун жазылган.
22.01.2015. 02:56
 chika-chika88
Урматту супер инфо! Гулжигит сатыбековдун "ойлондунбу" деген ырын жуктоп коесуздарбыыыы суранычч
22.01.2015 11:33
admin_media
chika-chika88,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
23.01.2015. 14:52
 chika-chika88
Качан кошосуздор урматтуу Супер инфо Гулжигиттин "ойлодунбу" деген ырын кошосуздаааррр
23.01.2015 15:05
admin_media
chika-chika88, түшүнүү менен кабыл алып күтө туруңуз, жакында жүктөп коюуга аракет кылабыз.
24.01.2015. 15:27
 sagyn91
Тарбиялык мааниси зор клип, Ырына клип топ жарашкан. Азаматсыз! Секирип бийлеп каяктагы мазмуну жок ырларга караганда бул ырчы жакшы ырдайт. Ким эмне дейт туурабы же катабы.
28.01.2015. 04:25
 Eseke2013
Сонун ыр супер текстин жуктоп койунуздарчы
06.02.2015. 15:31
 peri-jan
10жолу кайталап уксам да тойбой койдум
09.02.2015. 15:46
 chika-chika88
Супер инфо жамааты силерди да тажаттым окшойт Гулжигиттин "ойлондунбу" деген ырыыы Дей берип:)
09.02.2015 16:10
admin_media
chika-chika88, саламатсызбы! Колубузга тийсе эле жүктөп койгонго аракет кылабыз. Бир эле суранычты кайталап жаза берүүнүн кажети жок.
16.02.2015. 17:22
 nurgakg
Суппер болуптур ийгилик
06.04.2015. 17:14
 Drogba
Гулжигит молодец ырларын просто супер.Окунучтусу сендей ырчылар аз Кыргызстанда.
05.07.2015. 23:47
 umutai.86kg
Себелеп ,себелеп,себелеп жамгыр жааса ох кандай гана кереметуу угулат 5+
15.07.2015. 14:35
 dastan_nookat
Чыныгы ыр Гулжигит мырза баракелде
31.08.2015. 00:21
 saparali96
Эн сонун чыгарма ииййгилик байке жаны тойский стилдеги ырларды кутуп калабыз
18.09.2015. 02:36
 kadamjai90
Жакшы! Бирок эски варианты жакшыраак эле
26.02.2016. 14:22
 komn47
ушул ыр менен чыккан эле баштап.Бул ырдын орду башкача Гулжигит акеге да менин оюмча журоко жакын.талантынызга таазим Гулжигит аке!!!
17.01.2017. 04:23
 madr1dista
керемет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо