Гүлзинат Суранчиева "Мекеним Кыргызстан"
03:22
3,07 Мб
Жүктөлгөн: 12-01-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Анатай Өмүркановдуку
Обону:Муратбек Бегалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Кай жерге конбоюн, кай жерде болбоюн,
Тиленип аманың, тиктеймин жол боюн.
Алдыңда күн болуп, артыңда ай болуп,
Ааламга ачылган, жадыра, мекеним.

Агарган таң болуп, тилеймин эсениң,
Дайыма жанымда жадыра, мекеним! Кыргызстан!
Түн болуп, гүл болуп, түр болуп, үн болуп,
Ай бою, жыл бою, түн бою, күн бою.
Тилеймин эсениң дайыма жанымда,
Жадыра, мекеним! Кыргызстан, Кыргызстан!

Азабың, азабым, арманым жазарым,
Сагынып жашаарым, сагынып жатарым.
Атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Атагың арттырып, алгала, мекеним.
Кыргызстан, атыңды жүрөккө, жүрөккө сактагам,
Дүйнөгө бир гана сени менен мактанам.
Унутуп мезгилдин уч-түпсүз эсебин,
Алгала, мекеним Кыргызстан, Кыргызстан!

Угарга санатым, учарга канатым,
Аралайм сен үчүн асман-жер арасын.
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун, бар болгун, мекеним!
Ыйыктын ыйыгы - эртеңиң, кечээгиң,
Серпилтип кылымды, Сен бар бол, мекеним!
Кыргызстан!
Зоболоң зор болсун, балдарың эр болсун,
Келечек кең болсун. Ыйыктын ыйыгы - эртеңиң, кечээгиң. Серпилтип кылымды сен бар бол, мекеним Кыргызстан!

Комментарийлер (6)

12.01.2015. 13:43
 elvira1980
кенже дуйшееванын ырын качан жуктоп бересиздер таптым деген
12.01.2015 13:56
admin_media
elvira1980, саламатсызбы! Сунушуңуз эсибизде, бир эле суранычты кайталап жаза берүүнүн кажети жок, түшүнүү менен кабыл алып күтө турсаңыз колубузга тийсе эле жүктөп коюуга аракет кылабыз. Рахмат!
12.01.2015. 16:18
 dastan_nookat
Урмат & Неля-''Той ыры'' кошуп койсонуздар!
14.01.2015. 22:46
 medetbek
Супер Инфо саламатсыздарбы? кок жотол деген ырды кайдан тапсам болот
15.01.2015 11:28
http
medetbek, Нооруз деген бала ырдайт "Көк жөтөл"
http://www.super.kg/media/audio/130961/
24.01.2015. 23:35
 dastan_nookat
Алга Кыргызстан!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо