Түмөнбай Колдошов "Неге ыйладың?"
03:59
3,64 Мб
Жүктөлгөн: 26-01-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Зайырбек Ажыматовдуку
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.57/5
(7 добуш)
Жалганып сезим күйбөстөй,
Жанаша бастык сүйлөшпөй.
Көнөктөйт жамгыр ансайын,
Көңүлү бизге үндөштөй.

Кайырма:

Башкабы сенин сыйлаарың,
Башкабы, айтчы кыйбаарың?
Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?

Сооротор сөздү таба албай,
Соңуңдан ээрчип барам жай.
Суу болуп бүткөн боюбуз,
Куюлат нөшөр аянбай.

Кайырма:

Боздотуп жүрөк кылдарын,
Бошотуп мени кыйнадың.
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.

Жалганбы сүйүү биздеги,
Жалганбы сезим издери?
Арманбы ушул дүнүйө,
Арманбы өмүр тизмеги?

Кайырма:

Булутту карап калкыган,
Буркурап неге ыйладың?
Шоокумун коштоп жамгырдын,
Шолоктоп неге ыйладың.

Комментарийлер (12)

27.01.2015. 00:39
 dastan_nookat
Гулсун Мамашова эжебиздин ''Жаш курак'' ''Кызыл орук'' деген ырлары мага аябай жагат жуктоп койсонуздар
27.01.2015. 10:03
 Jenish_kg1
Emne yr kalbai kalganby? eski yrlardyn obondoruna bolok obon 4ygaryp? Jakpady byl obon eski obonuna jetpeit baary bir...
27.01.2015. 10:30
 Mavlyuda
Менин жердешим да бул. Сонун таланттын ээси. Мыкты ырдаптыр. Онорун оркундосун
27.01.2015. 11:13
 akbala-2014
Эч кандай Тумонбай Колдошевдин обону эмес,бул ырдын обону Элмирбек Иманалиевке таандык,ырдын оз аты "Жамгырдагы кусамат" эл арасына Шолоктоп неге ыйладын деген ат менен синип кеткен? кийинки мезгилде коп обончулар комускодо калып аткаруучулар таанылып кетет экен.Ал эми бироонун обонун,бироонуку деген эн эле туура эмес иш деп ойлойм.
22.05.2015 22:51
jypar.i
akbala-2014,ал обон башка го,тексти гана бир да
27.01.2015. 20:05
 taalay89
Бул обон кыргыз республикасына эмгек сиңирген артист төкмө акын Көп деген эл аралык айтышдардын жеңичүсү кетмен төбөнүн сыймыгы эмирбек иманалиевдин обонуна таандык ыр жаш обончу ага түмөнбай же сизде обонго кризис болуп жатабы сизда мыкты обончусуз
28.01.2015. 07:27
 melek1
Sonun yr gooo)))+5555
28.01.2015. 10:34
 Ayka1994
Жакшы ыр экен айрыкча мааниси сооонунго
29.01.2015. 12:17
 duiusheev
Талантынызга таазим агай
29.01.2015. 23:11
 osh1991
Негизи бир эле акындын текстине 2 же андан көп обондор жазылган учурлар көп эле. Бул ырга болсо Элмирбек агайыбыз да Түмөн агайыбыз да обон жараткан. Сөз жакшы болсо обончуларды да шыктандырат эмеспи...
31.01.2015. 19:03
 taalay89
Ууру обончу экен түмөнбай ага
13.02.2015. 09:39
 akbala-2014
"Бетке айткан создун зары жок"- дегендей Тумонбай Колдошевдин обону эмес дегендердин баарына минус 1 коюпкоюпсуздарго.Эмне чындыкты айтса эле, элдер каршы болуп чыга калышат.Элдин баарыда жаман коруп калат экен.Айтса айттыкта болгонун, эми жок дегенде ушул жерден тырчыбай эле койсонуздар.Бул жонундо жазганымдын себеби Элмирбек Иманалиев концертинде ушул обон жонундо, бутундой кыргыз калкына сахнадан тарых таржымалын айтты эле.Калдайган кыргыз калкына ушунчалык аттактуу адам калп айтмак беле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо