Асель Турдалиева "Кечирип кой"
04:05
3,74 Мб
Жүктөлгөн: 30-01-2015
Жанр: Поп
Обону:Г.Садыбакасованыкы
Көчүрүү
  • Currently 2.50/5
(2 добуш)
Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүн жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксүп калганым.

Чулгап алып мени кусалык,
Сени күткөн түндөр узарып.
Өмүр токтоп ошол ирмемдер,
Отургансыйм жылбай тушалып.

Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Салаалаган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген албуут дайрадай,
Сагынычымдын ашып-ташканы.

Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Комментарийлер (2)

04.03.2015. 15:07
 VIK
саламатсыздарбы? Асель Турдалиева "Дудук кыз" тасмасында "Сагындым" деген ырдаган ырын жуктоп коесуздарбы? Рахмат!
04.03.2015 15:24
admin_media
VIK,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо