Айнура Салахидинова "Балама"
03:22
5,67 Мб
Жүктөлгөн: 03-02-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Ж. Турсунбаевдики
Обону:Руслан Нарынбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.30/5
(10 добуш)
Кел балам, тай-тай, басасың жай-жай,
Адамды тартып өзүңө.
Кумарым канбай, жытың бир балдай,
Ырахат алам өзүмө.

Кайырма:
Күлгөнүң жоюп сезим капасын,
Канатың жайып өсүп жатасың.
Эр жигит болуп, балам чоңойгун,
Элиңдин алып ыйык батасын.

Ай сымал жаркын, күн сымал жаркын,
Жылдыздай жанган жүзүңдөн.
Боорума кысып, жүрөгүм ысып,
Жашоонун баркын түшүндүм.

Кайырма:

Душмандан качпай, мекенди сактай,
Намысын корго жериңдин.
Калкыңа күйүп, кыргызды сүйүп,
Сыймыгы болгун элиңдин.

Комментарийлер (12)

03.02.2015. 23:20
 Musio
аранжировканарды Nexus менен урбаи кичине изилдеп Absynth . Reaktor , Station - pa 6 звуктар менен коздосонор болмок !!!
04.02.2015. 00:35
 4aidai
Мага жакты. Супер.
04.02.2015. 00:43
 sardar1
Жакшы ыр болуптур. Айнура азаматсын! Перзентине бактылуу балалык каалайм.
04.02.2015. 01:00
 timan.86
Урматту админ мына ыр барбы порталда тексти токто шашба тескери баспа деген ыр саптары бар болсо шилтеме бирип койосунарбы ???
04.02.2015 12:48
Asa0033
timan.86, сайтта бар экен http://www.super.kg/media/useraudio/131349/
05.02.2015. 01:16
 kalybek707
Кантип телге кочурсом болот рахмат
05.02.2015 10:10
admin_media
kalybek707,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
06.02.2015. 09:53
 deva
Ырдын тексти жакты. Бирок ырды жакшы аткара албаптыр, балким үнү жарашпаган. Иши кылса сүйлөп жаткандай эле туюлду
06.02.2015. 14:30
 dina_nina
Айнура ырын аябай жакты. Бул ырга жакшы клип кутобуз. Чыгармачылык ийгилик!
06.02.2015. 15:56
 4aidai
Админ сураныч текстин жазып коюнуздарчы. Распечатка калат элем, клавиатурам жок компумда. Ыр жакты.
08.02.2015. 00:48
 dina_nina
Айнура азаматсын! Наристе жонундо ырын жакты. Жакшы аткарыптырсын. Негизи Айнура жакшы жар, жакшы ырчы!
08.02.2015. 15:18
 Айнура Салахидинова
Рахмат баарыныздарга. Алла ыраазы болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо