Добр, Ирлан Таалайбеков "Сага"
03:41
6,74 Мб
Жүктөлгөн: 09-02-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Добрдуку
Обону:Ирлан Таалайбековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.00/5
(10 добуш)
Мен билемин - барсың сен ааламда,
Мен билемин - жалгыз эмесмин анда.
Тилегеним - болчу сен жанымда,
Ишенемин жаным сага жолугарыма

Издегеним сени көргүм келет өңүмдө,
Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө.
Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө,
Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.

Кайырма:
Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага,
Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана.
Махабатым сага, жүрөгүм бир сага,
Жүрөктөгү сүйүмдү келет арнагым сага.

Бүт өмүрүм сага, жан дүйнөм бир сага,
Жан дүйнөм, бүт өмүрүм өзүң үчүн гана.
Махабатым сага, жүрөгүм бир сага...

Сүйүүгө кабылып, өзүңө жолуксам,
Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан.
Жүрөктүн жарымын, өзүңө арнасам,
Мен сени эч качан кое бербейм колуңдан.

Келечекте мени менен болчу жарым,
Болочок менин сүйүктүүм, энеси балдарымдын.
Келечекте өмүр бирге сүрчү адамым,
Чертип сага арнагым келет сүйүү кылдарын.

Кайырма:

Мен билемин - барсың сен ааламда,
Мен билемин - жалгыз эмесмин анда.
Тилегеним - болчу сен жанымда,
Ишенемин жаным сага жолугарыма.

Издегеним сени көргүм келет өңүмдө,
Өзүң менен түбөлүккө өмүр сүрүүгө.
Келет сүйгүм сени, кабылып сүйүүгө,
Ал сүйүүдө келет болгум бактылуу түбөлүккө.

Комментарийлер (7)

09.02.2015. 12:43
 http
Жактыгой чиркин...
09.02.2015. 14:14
 dastan_nookat
Жакты аябай мага!!!!
09.02.2015. 15:36
 2011
Супер!!!
09.02.2015. 16:59
 Nursultan.m.n
жакшы!!!
09.02.2015. 19:30
 World_of_tanks
Э туугандар качан маанилу жакшына уккулуктуу ыр чыгарасынар простой кайдагы создор менен эптеп эле ыр жазып обон чыгарасынар. Бул кетиште биздин шооу бизнестеги адамдар унутулуп кететко дейм.
21.10.2015. 01:53
 Kadyrbek09.10.2015
Жакшы
21.03.2016. 08:12
 Adi.Avazbekov
Soonun
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо