Руслан Нарынбаев "Торгоюм"
03:21
3,07 Мб
Жүктөлгөн: 17-02-2015
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(5 добуш)
Сенсиң менин торгоюм,
Суук көздөн коргоюн,
Качан болсо жаныңда
Калпым болсо оңбоюн
Сенсиң менин торгоюм
Гүлдөй болуп соолбоюн
Ысыгыңа жылытчы
Суугуңа тоңбоюн

Менин сулуу торгоюм
Күндө-түндө ойлоймун
Ишенип кой өзүмө
Калпым болсо оңбоюн
Менин ырчы торгоюм
Жолугууну болжоюн
Алтынчы күнү кадыр түн
Мен кабар күтөм болжоюн

Сен торгоюм сүйгөнүм
Арнап өмүр гүлдөрүн
Бир басалы гүл бакта
Тыңшап торгой үндөрүн
Ырахат го жаш кезек
Күлүп-ойноп жүргөнүң
Саймалайлы жылдыздай
Бул жашообуздун күндөрүн

Жалын болуп чаркылдап
Чагылгандай чаркылдап
Көл үстүндө ойногон,
Ак булуттай калкылдап
Канат күүлөп күү чалып
Ойноп-күлүп жаркылдап
Кадырлашып өтөлү,
Көңүлдө кир калтырба

Көңүл куруп күү чалып
Күлүп-бийлеп үн салып
Менин сүйгөн торгоюм,
Эмгек жолун бир чалып
Айыл ичин гүлдөтүп
Обон созуп ырдашып
Жаркылдаган жаштык кез
Кете электе кырды ашып

Өмүр суусун кечели
Жалгыз сырды чечели
Ак таң болуп нурданып
Аппак гүлдү терели
Ак нан болсо ыр болот
Сүйүп дайым жешели
Ден соолукта каткырып
Соо жүрөлү дешели.

Комментарийлер (10)

17.02.2015. 19:31
 makwell
эн жакшы ыр..талантын ташкындай берсин.
18.02.2015. 01:19
 ruslan95
голосу нищтякта ушул байкебиздин
18.02.2015. 13:31
 alai81
Гулзат Батырканова жакшы ырдаган бул ырды.
18.02.2015 18:57
makwell
alai81, АЛ сенин жеке оюн..Бирок руслан 1-болуп 13жыл мурун ырдаган бул ырды..жакшы да ырдаган андан.
20.02.2015. 00:40
 make2
Автору жанылбасам Талас Кара-Буура Бакайырдан Советбек
20.02.2015. 17:33
 make2
Алтынчы кун кадыр тун, Карап кутом жол боюн. 2-Саймалайлы жылдыздай,Жашообуздун кундорун...

Модератор admin_media түзөттү 2015-02-20 18:17:40
23.02.2015. 02:17
 zhyzel
Саламатсыздарбы!Руслан Нарынбаевдин "Суусамырлык Сулуу кыз" деген ырын тексти менен жуктоп коюшунуздарды суранам!
23.02.2015. 02:19
 zhyzel
Суусамырдын Суусу Шар агат Коздорун сенин Молтур карагат деген ыр эле да жуктоп коюнуздарчы сураныч!Алдын ала рахмат.
23.02.2015 16:45
admin_media
zhyzel, саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/136377
28.02.2015. 22:55
 korsaromega
соонун ыр экен.Баракелде!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо