02:23
2,18 Мб
Жүктөлгөн: 27-02-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Ашым Жакыпбековдуку
Обону:Мукан Рыскулбековдуку
Көчүрүү
Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак, балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Комментарийлер (0)