Айар, Жийдеш "Карлыгачым"
03:34
3,26 Мб
Жүктөлгөн: 26-02-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Акбар Кубанычбековдуку
Обону:Эркин Мээркановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.36/5
(11 добуш)
Бийиктен жамгыр болуп себелегенде,
Булутмун сени жандап көктөн караган.
Сүйүүнүн сыйкыры бар, себеби сенде,
Кайтарам ал күндөрдү кол кармашкан.

Кайырма:
Айдайым жай күнүндөй бир маанайың жаркыраган.
Ар дайым жүзүңдөн нур бир сыласа жалтыраган.
Жытыңа куса болуп мен, көңүлдөш карлыгачым.
Жел менен сагынычтан мен бир сага калкып барам.

Созулуп сүйкүм сенин сүйлөгөнүңдөн,
Жылмайсаң канат бардай өндөнөмүн мен.
Келечек күндөр биздин алдыда болсо,
Өзүңдөн жашаганды үйрөнөмүн.

Кайырма:

Жашоомдун жарык кылган шам чырагысың,
Жамгырдын жүздөн сүйгөн тамчыларысың.
Тагдырга таазим кылып моюн сунбаймын,
Баары бир мендик кылам карлыгачым.

Кайырма:
Бүгүндөн, жаңы кадамдан, жол салып сага барам,
Бир болуп ойлорубуз да, булутту аралаган.
Кармашкан колдорубуз, да үзүлбөс болуп турса,
Сүйүнүч толгон коздөрүм башканы карабаган.

Комментарийлер (15)

26.02.2015. 19:59
 kanat4ik
Эки ырчыны тен "чыныгы талант" деп айта алам. Ыр эн сонун! Сиздерге чыгармачылык ийгилик!
26.02.2015. 22:43
 Mariyana
Жакшы ырдашыптыр.
26.02.2015. 23:23
 Nursultan.m.n
Жакшы!!!
27.02.2015. 09:44
 M89
Ушундай ырлардан тажадым.
27.02.2015. 09:59
 Muzik
Аяр озу жалгыз еле ырдаптыр го
27.02.2015. 13:55
 tima_aiperi
Ууух ушуда ыр болдубу ушуга кетирген акчаны балдар уйуно же карылар уйуно берип койсо сооп болмок анан жакшы ырларды жаздырмак
27.02.2015 14:55
mechta_tv
tima_aiperi,
андай жардамдарды деле кылып жатышшат го. элестетиниз ошентип журо берсе дей берсек анда маданиятыбыз качан онугот.
Сонун аткаруу, мыкты ыр, ундору вообще супер! Клип кутобуз
28.02.2015. 02:54
 ELIMA91
Kойчу ушу кантип ыр болсун Модератор admin_media түзөттү 28.02.2015 14:30
28.02.2015. 11:13
 maks94.kb
Жакшы азаматар талантынар ташкындай берсин
28.02.2015. 20:50
 karona
супер инфо Ильяздын тарынбачы деген жаны ырын жуктоп койгулачы сураныч
02.03.2015 12:11
admin_media
karona, саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: Ильяз Абдыразаков "Таарынбачы" http://www.super.kg/media/audio/136783
01.03.2015. 07:27
 rasul-kg
Бул ыргада окшобойтко ыр деген шандуу болуш керек кошоко окшоб калыптыр

02.03.2015. 02:13
 tima9191
ырдабай еле койсо болмок не деген ыр еч тушунбойсун
05.09.2015. 18:05
 dastan_nookat
Супер!
05.09.2015. 18:06
 dastan_nookat
Дуэт соп сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо