ЖАШ КЫЯЛ тобу "Ананайын"
04:29
4,12 Мб
Жүктөлгөн: 28-06-2010
Сөзү:Доорон Жолдошев жана элдики
Обону:Доорон Жолдошев жана элдики
Көчүрүү
  • Currently 4.60/5
(15 добуш)
Кечээ күнү бир өзүңдү көрө албадым,
Бек кучактап жүзүңдөн өбө албадым.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Ананайын, ананайын,
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Кеттиң кайда, кеттиң кайда?
Күтүрбөстөн тезирээк келчи кайра.
Мен өбөйүн бетиңден кайра-кайра.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Кара көзүм, кара көзүм,
Кара көзүм, карегиңден карачу элем.
Асмандагы жылдыздай самачу элем.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Сен ошондо, сен ошондо,
Жашың жетип он сегизге толгондо.
Сенин тоюң башка менен болгондо,
Кыялбастан ал тойго мен барганда,
Сен карадың көз кырыңдан.

Кош бол, жаным, кош бол, жаным,
Мен сен менен түбөлүккө коштошомун.
Аргасыздан мен башкага баш кошомун.
Кимге барсаң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.
Ананайын, ананайын,
Аттадың бир ак үйдүн босогосун,
Өткөндү эстеп көңүлүң бошобосун.
Кайда жүрсөң бактылуу болоруңду,
Мен кааладым, мен кааладым.

Комментарийлер (42)

22.11.2010. 18:48
 Aslana
Да биздин бала кездерди эстеткен ыр убагында аябай хит болгон азыр да жагат. Бахадыр жакшы эле кыргызча ырдап калыптыр алгач чыкканда озбекче акцент менен ырдачу эле го.
23.11.2010. 18:47
 aizhigit
прикольная песенка
05.01.2011. 12:28
 Muratbei
En sonun yrlardyn biri
05.01.2011. 16:14
 Albertto
ЭЭХ!!! Менин балалыгым........
23.01.2011. 01:11
 talantbeck
v nature prikolnaya :)
23.01.2011. 02:49
 ERMANI
azyr dele Oshto toylordo ushul yrdy yrdashat
09.02.2011. 14:48
 dilshadbek
мен бул ырды уксам эле бийлегим келет сонун ыр экен
13.02.2011. 22:59
 spinkub
бул ыр хит болгон ошол бойдон калат
24.05.2011. 15:19
 elaman93
эн сонун
30.06.2011. 23:32
 rosh
жакшы
25.07.2011. 20:15
 emil
Ээхх менин балалык кезим))Ностальгия просто.Жылмайуу менен гана уктум
10.08.2011. 05:36
 Merischka
эх чиркин, момпойгон кичинекей кезибизде, шалтактаган досторум менен кочодо бакырып окуруп ырдачу элек :) Ошол балачагыма билет болгондо, баарына коз жуумп алып кетмекмин да...)))
10.03.2012. 02:25
 donibek
Ардай Рулит!!!!
Так держать бартан
24.03.2012. 13:38
 ChonAlay07
Студенттик жатаканалардын терезелеринен ушул ыр жанырып турчу эле да,Бахадыр журчу эле го озу да охооо, автор болуп обшьягаларда озунчо, дагы бир жаны ыр жаза албай жургонуно тушунбойм да же Бахадырдын таланты ушул ыр менен тугонуп калдыбы ия.
03.07.2012. 12:57
 nazgul8076
Мектептеги кундор эске тушот да. Биз мектепте окуп жургондо аябай популярдуу эле, абай танцага тушот элек...
07.10.2012. 13:38
 kosmos_88
2-3 класстагы кездерим эсиме тушуп кетти ээх ошо кездер ушу ырды ырдап эле кун откузот болчум аааааааааааааа
28.10.2012. 12:00
 Toni.ow
Мага аябай жагат. Закстара ырдайбызго бул ырды.
30.10.2012. 11:01
 adil2012
мен бул ырды 1-класста аябай коп ырдадымгоо чиркин эн соонун ырда
31.01.2013. 22:58
 anjella8888
Оз учурунда зажигательная группа болчу!
15.04.2013. 11:21
 manass
жаш кезди эстететко просто супер ыр болгон убагында
18.07.2013. 17:45
 Positive
эхх балалыкта бул ырды суйуп укчу элек,азырда суйуп угам, мазза ырда, ыр жаратуучуларына низкий поклон!!!!!!!!
26.07.2013. 22:44
 Nurik_UFC
Номер один ыр, Жаш-Кыял мыкты
27.01.2014. 00:56
 moskva
Эээх сонун кундор откон ...Алгачкы суйуулор ...Ошол мезгил бир кайтып келсе кана.Доорон Бахадыр..Финансы болсом мен ушул топту колдойт элем...
30.01.2014. 01:14
 jumatone
Ай асманда деген ырын жүктөп койсоңор сураныч
21.03.2014. 16:32
 bakytmirza
Жаш-Кыял, Нур, Жети-Түс, Самара деген топтор өз убагында чоң популярдуулукка жетишкен. Бул группалар кийин баары чачырап кетишти, аттиң...
22.12.2014. 01:13
 Nur_Iman
http://www.super.kg/media/useraudio/132756/
04.01.2015. 00:27
 tron
Жаш-Кыялдын ушул ыры кайсы жылы чыккан айтып койунуздарчы сураныч
02.08.2016. 10:36
 adi_ko.kg
Супер
18.12.2018. 13:26
 chyngyz84
Супер го чиркин ыр!
21.12.2018. 16:05
 tyrgon
Бала чак эске тушту чон братандар ушу ырды кайра кайра укса эмне жинди болгонбу деп ойлочумун озун чылаа кечип жургонун мн иши док ;) корсо суйуу жонундо ыр турбайбы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо