Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик"
03:41
4,21 Мб
Жүктөлгөн: 04-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Кудрет Тайчабаровдуку
Обону:Нурлан Насиптики
Көчүрүү
  • Currently 4.48/5
(44 добуш)
Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

Кайырма:
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

Кайырма:

Комментарийлер (82)

06.03.2015. 14:02
 nargizka.kg
Ииий бекерчилер десе, эми очередь Сайкалга келиптир да э?! Бул ыр Малайзияга бара электе эле чыккан.
Молодцы сооонун дуэт! Дагы коп-коп ырларды жарата бергиле
06.03.2015. 16:35
 Aiaium
сонун ыр экен)))
06.03.2015. 17:52
 aika.azimjanova
Жакшы бирок орустардын "Не пара" тобунун "Бог тебя выдумал" деген ырына обону аябай эле окшош экен.
06.03.2015. 22:35
 kanat4ik
Кайырмасында Сайкалдын эле уну чыгып калыптыр. Экоо тен таланттуу. Дуэт мыкты денгээлде аткарылган.
07.03.2015. 11:31
 melek1
menin oiumcha dagy nurlanga jonokoi uibulodon ele kyz tatyktuu.saikal jonundo kancha sozdor aitylgan asel jonundo dagy.taza jonokoi kyz tatyktuu dep oiloim.
07.03.2015. 14:05
 Anhel
Ailanaiyyn. Silerge emne jok deim da. Syndy yrga jazgyla. A atkaruuchular kim menen kaida jurot ozu bilet da.
asel myndai tigindei kyiyn bolsonor oshogo jetip algyla, biroonun jashoono kirishkenderdin ozunun jashoosu kyzyksyz degen chyn go deim. Jashoonor kyzyksyz yrchylarga kirishe bashtadynarby.
09.03.2015. 00:56
 macho90
Kuuun ysykkky jaktan plandashyp kelgengo menimche.
12.03.2015. 01:47
 PATRIOT_07
Сайкалдын вокал жагынан Асельден денгээли жогору экен е.... Асельдин уну назик)
16.03.2015. 01:31
 kani.abdykerimov
Жакшы ыр экен
17.03.2015. 05:00
 aizadaxan
Асел Кадырбековага эле жыргал экен да бул жакта Сайкал менен Нурлан ырдаса да ал тууралу жазышат.Пияр деп коюшат беле муну. Артистер
17.03.2015. 14:20
 Altynai05
Кимге кандай билбейм бирок, Асел жасалмадай сезилет. Сайкал менен Нурлан сонун эле пара болушмак...
17.03.2015. 19:22
 burulsun33
Ундору бири бирин толуктап турат,молодцы.
18.03.2015. 02:18
 Ali94
Укса болот жакшы
18.03.2015. 23:24
 nora_lelka
жакшы ыр болуптур. клип жокпу?
19.03.2015. 19:16
 Beka95
Жакшы ыр бул ырды былтыр эле ырдашкан Нурландын концертинде бирок соц тармактарга эми берилди. Сайкалдын голосу жагымдуу экен эми байкап атам Малика менен Аселге караганда ийгилик каалайм.
19.03.2015. 23:27
 burulu
уккан сайын уккум келет
22.03.2015. 16:28
 NurlanS-89
Mikti irlardan boluptur...maga jakti!Chigarmachilik iygilik kaalaym!!!
28.03.2015. 09:29
 femidakg
Эн мыкты ыр. Жакты мага. Озгочо кайырмасы.
31.03.2015. 12:56
 i.love.you97
salamatsyzby nurlan nasiptin kopologum degen yrynyn minusun juktop koiunuzdarchy aldyn ala rahmat!!!
01.04.2015. 10:57
 i.love.you97
salamatsyzby admin_media nurlan nasiptin kopologum degen yrynyn minusun juktop koiosuzdarby !!!!
01.04.2015 11:42
admin_media
i.love.you97, саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. Шилтеме аркылуу кирип минус жүктөп жаткан колдонуучуларга купуя кат менен кайрылып көрүңүз http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11
06.04.2015. 00:00
 kaarman
Saikaldyn unu basymduuluk kylat eken.Kantse da jakwy duet boluptur!Iwinizderge yigilik!
09.04.2015. 22:01
 tariel.kg
Бек борбиевди киргизбейсинерби
10.04.2015 10:41
admin_media
tariel.kg, саламатсызбы! Аткаруучунун суранычы менен порталдан ырлары алынды.
15.04.2015. 13:55
 bakyt.sultan
eki yrchy ten jakwy yrdawkan
17.04.2015. 10:19
 femidakg
Эн сонун !!!!!!!!!!!!!!!!!
20.04.2015. 12:52
 kozu_85
жакшы жазылыптыр, ундору шайкеш келген, экоонун бир ордунда турбай алдыга жылганы адамды кубантатго дейм
13.05.2015. 21:21
 baha9707
Жакшы укса болот
22.05.2015. 18:48
 Mika5
Молодцы ребятки.
22.05.2015. 20:49
 avazkg
ушул ырдын созун жазып коюнуздарчы.
10.06.2015. 19:29
 kub_u3_kgstana
Койчу ай
27.04.2016. 15:59
 kyrgyz.jigit.temirlan
Сайкал жонокой кыз ошонусу жагат ырлары супер
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо