Азиза, Айнура Салахидинова, Роза Шакирова "Дасторкон"
03:29
3,19 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2015

Бул ыр Айгүл Чалова менен биргеликте аткарылган
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.09/5
(11 добуш)
Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Анар, алма жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй терең, туптунук.
Колдо барын төгүп чачып,
Аябагын достордон.

Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан мурас калып,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарың колдосун.

Дасторкондун даамын татып,
Жарык кылып көңүлдү.
Ынтымактын сөзүн сүйлөп,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.

Кайырма:

Комментарийлер (3)

08.03.2015. 06:59
 taalaybek77
Жакшы
09.03.2015. 12:40
 admin_media
dastan_nookat, mister,
Саламатсыздарбы! Браузердин кэшин тазалап кайра аракет кылып көрүңүздөр.
30.07.2015. 20:55
 temir82
Азизанын голосу аябай сонунда уккулуктуууу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо