Роза Шакирова "Апакем"
03:14
7,38 Мб
Жүктөлгөн: 07-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:А.Туткучевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(6 добуш)
Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым даалай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим сапам,
Күттүң го жолум карап.
Кең жайып тасмалыңды.

Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе,
Алмашпайм эч ким менен.

Байтерек караныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.

Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке кантип актайм?
Ак сүтүм эмгенимди.
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.

Комментарийлер (5)

07.03.2015. 22:04
 hakker
Роза унуно береке.Жакшы ырларды ийине жеткирип ырдап журо бер.
08.03.2015. 09:43
 dastan_nookat
Апалар болгула ар дайым!!!!
08.03.2015. 10:16
 sayakat
чыныгы талант ээси Роза эжеке
09.03.2015. 21:24
 Batma.Sh
Азамат!
16.03.2015. 15:18
 AygulSumaya
Апаларыбыз бар близ барбызда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо