Арсен "Энекебай"
04:30
4,12 Мб
Жүктөлгөн: 09-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Өмүркул Кулумбаевдики
Обону:Кубанычбек Осмоновдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Энекебай, оо, ыйыгым, ыйыгым,
Энекебай, оо, кутманым, уюгум.
Алып келип тамырыңдан алтымыш,
Алтын өмүр бешигиңе уюдум.

Сен көз жумсаң, унутармын жыл чыдап,
Мен көз жумсам, көз өткөнчө буркурап.
Апакебай, кара чачың куу болуп,
Кош эмчегиң алмак-салмак зыркырап.

Энекебай, билем, туям эмгегиң,
Энекебай, өмүр жашың мен жедим.
Кантип мени карыш жолго узатсын,
Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин.

Кактап күн-түн ак сүтүңдү эмгенмин.
Кирпик какпай канча жолу термедиң.
Татыбайт го минуталык толгооңо,
Менин күндү алып келип бергеним.

Комментарийлер (15)

09.03.2015. 17:29
 Jenish_kg1
жакшыыыы
09.03.2015. 20:39
 Bekbolot.ilyazov
Азамат!!!!!!!!!
10.03.2015. 13:22
 Kurmanjan.93
Эркелеп журо бергин,ошол Менин тилегениим деген саптары бар ырды ким билет,билгенинер болсо шилтеме берип койгулачы,сураныч!!!Модератор Kurmanjan.93 түзөттү 2015-03-10 13:24:19
10.03.2015 16:13
mirza
Kurmanjan.93,
Жома-күтүү деп издесеңиз чыгат.
11.03.2015 13:06
http
Kurmanjan.93, http://www.super.kg/media/useraudio/61845/
10.03.2015. 15:37
 Eraly___
Урматтуу админ, минусовкалар учун озунуздор атайын бир страничка ачсанар деген сунуш бар эле.элдик аудиодон бардык минусовкаларды таабууга болбой жатат,жаны чыккан минустар жок, анан оргинал эместеринда жуктоп салышат. Сунушту орундатсанар жакшы болмок эле.
10.03.2015 16:07
admin_media
Eraly___,
Саламатсызбы! Тилекке каршы биз минустарды жүктөбөйбүз. http://www.super.kg/media/?only=useraudio&category=11 ушул бөлүмгө каалаган колдонуучулар минустарды жүктөй алышат. Сунушуңузга рахмат!
Комментарийлерди жашыруу
10.03.2015 16:16
mirza
admin_media,
Саламатсызбы! Бактияр Токторовдун сынган кылыч аттуу ыры бар болсо жүктөп коёсуздарбы сураныч.
10.03.2015 16:17
admin_media
mirza, саламатсызбы!
Сунушуңузду эске алабыз.
10.03.2015. 17:22
 goodman02
сонун ушул ырды кутуп жургом рахмаат чоон, Гулшайыр эжекенин концертинде ырдаган ырында киргизип койгулачы
10.03.2015. 23:36
 boyka.kg
ништяк
11.03.2015. 13:02
 Kurmanjan.93
Жома деген ырчы жок экенго урматтуу mirza!!!
11.03.2015 13:06
http
Kurmanjan.93, http://www.super.kg/media/useraudio/61845/
10.06.2015. 16:12
 jeki_1011
Энелер бактыбызга дайыма бар болсун,Арсенге ийгилик
13.07.2015. 15:04
 aziko1414
Eneler kop jashasyn
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо