Элиза Орозова "Сүйгүм келет"
02:49
6,43 Мб
Жүктөлгөн: 09-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:А.Осмоновдуку
Обону:Максат Сулайманкуловдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.67/5
(6 добуш)
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп, ай,
Жашымды алдап жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жалындаган отуңан, ай
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.

Кайырма:
Сүйгүм келет миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүмдү өз күчүмө багынтып, ай,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.

Көпкөк асман жерге түшсө жарылып, ай,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөөр элес кыйналбай, ай,
Бир көз караш, кубатыңды жамынып...

Кайырма:

Комментарийлер (9)

09.03.2015. 17:12
 dastan_nookat
Эн сонун!!!!
10.03.2015. 02:21
 papanstan
Ушу кызды суйомго соонун жакты.
10.03.2015. 12:36
 Maks_sharshenaliev15
ийгилик
11.03.2015. 18:27
 kanat4ik
Бул ырдын созу улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдуку. Менимче бул терээн маанилуу ыр саптарына мындан да жакшы, озгочо обонду кайра-кайра кайрап мына ошондон кийин гана жарыкка чыгаруу керек болчу. Кымбат баалуу материалдан, жонокой гана бычымдагы койнокту тиккендей болуп калыптыр.
14.03.2015. 21:08
 aibektemurov
Элиза кандай ыр ырдабасын майын чыгарып ырдайт. Унуно береке
05.04.2015. 20:39
 Alitunka88
Napishite tekst etoi pesni pojalusta
09.04.2015. 16:21
 SuLuWkA
Чынында соонун ыр экен азаматсын ийгилик.
05.01.2016. 02:25
 mirbekkg
Эң жакшы ыр! Бул ырдын автору Максат Сулайманкуловдун аткаруусундагы видеону да жүктөп коюңуздарчы!Модератор admin_media түзөттү 2016-01-05 11:49:07
05.01.2016 11:50
admin_media
mirbekkg,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз. Курамы окшош сайттарга шилтеме калтырууга тыюу салынат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо