Түмөнбай Колдошов "Жүрөгүмдө сүйүү боздойт"
03:38
4,15 Мб
Жүктөлгөн: 10-03-2015
Жанр: Фольклор
Сөзү:Фаризат Асанкалиеваныкы
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.43/5
(7 добуш)
Ошол кеч эсте калды күзүңдөгү,
Көргөндөн үмүтүм эч үзүлбөдү.
Жүрөктү жүзгө бөлүп кетти окшойт,
Жылдыздай уячалар жүзүңдөгү.

Кайырма:
Сен мага ушунчалык жагасың да,
Көктөгү жылдыздардай жанасың да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласың да.

Жүргөндө жадап турмуш бардыгынан,
Таберик болдуң окшойт тагдырымдан.
Ээрчишип аалам кезип кетким келди,
Аргасыз калдым жердин тардыгынан.

Маңдайга ушундайды жазган окшойт,
Көздөрүң күлүп турса сезим козгойт.
Экөөбүз баратабыз эки жолдо,
А менин жүрөгүмдө сүйүү боздойт.

Комментарийлер (5)

10.03.2015. 14:52
 Batma.Sh
Сен мага ушунчалык жагасыңда,
көктөгү жылдыздардай жанасыңда.
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө
жүрөктө арман болуп каласыңда....
11.03.2015. 01:54
 KblPMbl4blK
Текстин жазып коесонуздар?!
19.04.2017. 21:28
 Boroev525
Эх кандай сонун
20.12.2017. 17:57
 tatynakaika1998
Сонун
06.04.2018. 14:02
 Mavlyuda
Сиз мага ушунчалык жагасыз да,
Көктөгү жылдыздардай жанасыз да
Экөөбүз бир болбойбуз аттиң дүйнө,
Жүрөктө арман болуп каласыз да..............
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо