Гүлнара Тойгонбаева "Бульварым"
02:35
2,37 Мб
Жүктөлгөн: 12-03-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Т.Имашевдики
Обону:С.Жумалиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.

Обонумдун күүсүн арнап ырдадым,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты - бульварым.

Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу аллей - бульварым.

Комментарийлер (1)

13.03.2015. 14:35
 Nurlanchik
Сооннун уккун эле келет!!! Супер инфо Замир Арыкбаевдин Ай гитара деген ырын жуктоп койгулачы Сураныч!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо