Сагыныч "Арзуу"
04:09
3,8 Мб
Жүктөлгөн: 28-03-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Камчыбек Өскөнбаевдики
Обону:Сагыныч Нурланбек уулунуку
Көчүрүү
  • Currently 4.07/5
(14 добуш)
Сезимдер ыйлап, ыйлап,
Жүрөгүм туйлап турат.
Экөөбүз түшкөн сүрөт,
Жанымды кыйнап, кыйнап.
Кечирип издеп келем,
Кейиткен сөздөрүмө.
Келет деп үмүт менен,
Зар болом көздөрүңө.

Кайырма:
Арзуум бар сага деген,
Сен сезип билесиңби?
Кайгымды унуткарып,
Кайрылып келесиңби?
Өзүмдү арнап сунам,
Ардагым болосуңбу?
Кыялкечим, периштем,
Багыма коносуңбу?

Кетсең да, менден узап,
Кыялым сага учат.
Ак сүйүүм жүрөктү эзип,
Арманым алды тушап.
Турамын сен деп ырдап
Гитара кылы сыздайт.
Кел эми кечир мени,
Таарынтып алгам сыңар.

Кайырма:

Комментарийлер (14)

29.03.2015. 01:49
 Nurlanchik
Замир Арыкбаев ай гитара деген ырын кутуп журом!!!!
30.03.2015 17:31
admin_media
Nurlanchik, саламатсызбы! Жакынкы күндөрү жүктөп коюуга аракет кылабыз.
29.03.2015. 16:26
 aleshov.j
Жакшы ыр экен
29.03.2015. 21:36
 mendiba
Жакшы
29.03.2015. 22:48
 Bili
Менин жердешим сонун ырдайд да
01.04.2015. 20:27
 bekmyrza58
азаматсын
01.04.2015. 21:01
 Elnuram090
сонун ырдаптырго аябай жакты обону жакшы экен
06.04.2015. 16:15
 Sarabanda
Мына сага ун! Мына сага талант!!!! мага жакты! Молодец оркундоп осо бЕр!
11.04.2015. 17:06
 Beka95
класССССсССССССССССССсссссССсСССССССССс
13.04.2015. 23:51
 juniyor
Мен куткон ыр экен, мен да Суйуугонум экобуз тушкон суроту карап эстеп сагынган учурда Дары болотурган Ыр экен! рахмат
11.06.2015. 07:00
 Amantur.
Эң сонун ыр жана үн! Азамат! Ийгилик!
29.06.2015. 06:38
 Aichoy
Суйдумго ырдыда обондуда
03.09.2015. 19:35
 dastan_nookat
Сагыныч жоголуп кетиниз го?
19.02.2016. 20:57
 roksalana
менда улам-улам карап жаны чыгармасын кутуп журом:((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо