Самара Каримова "Ошол да тоолук кыргызбы?"
03:05
5,63 Мб
Жүктөлгөн: 09-04-2015
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.33/5
(6 добуш)
Жайлоолоп боз үй тикпесе,
Жадырап кымыз ичпесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Ардактап кары күтпөсө.

Кайырма:
Кыр-кырда жылкы кишенеп,
Казанда турбаса бышкан эт.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Балдары минбесе, небере минбесе кысырек.

Кыздары беш көкүл өрбөсө,
Конокко кой союп бербесе.
Ошол да тоолук кыргызбы?
Калпагын башка кийбесе.

Кайырма:

Көздөрү жалдырап жылдыздуу,
Дүйнөсү буруксуп гүл жыттуу.
Чолпондой ажары жанбаса,
Айтчы ошол тоолук кыргызбы?

Кайырма:

Комментарийлер (17)

09.04.2015. 19:12
 jazira_92
Жашымда атам ырдап берчуу,бирок эркек бала ырдаганда сонун болмок экен.
09.04.2015. 19:30
 look
самара каримова эски эле ырларды ырдай берет жаны ырларынан бир эле атама деген ыры болуш керек уну бар жаны ыр жаздырса болбойбу
20.04.2015 09:42
amanatym
look,эски ырлар менен элге таанылып анан жаны ыр ырдайт го. Азыр изденуу деген ырчыларды жок, оздору жазган ырлар отпойт элге, ошондуктан ырларды жаныртып журушот анан наам алышканда кыйын болуп калышат оздру ыр жазып койчудай.
09.04.2015. 19:35
 edu.kg.
Жаны ырды эми чыгарса керек да 19кундук концерттен кийин.
10.04.2015. 01:17
 malika14
soonun urdaptyr kaira kaira ygyp jadabaisin...
10.04.2015. 02:28
 wolk85
Ошол дагы кыргызбы ээй ээй сонун ырда
10.04.2015. 10:04
 sagyn01
Куйоосунун кылган иштерин угуп.... ырчы кызданда конул калды
10.04.2015 13:30
karona
sagyn01,не кылыптыр куйоосуно?
11.04.2015 10:49
Belmonda
Куйоосунун кылган иши менен сенин эмне Ишин бар тууган? Андан коро ырчынын ырын уга берсен уккун келбес андай мындай деп ушак создорду айтпай Эле кой
10.04.2015. 13:14
 suiuktuujar
Сонун ырдаптып Самара айым сизден озунуз жаздырган чыгармаларды кутобуз.
10.04.2015. 22:49
 molo
http://www.super.kg/media/useraudio/139031/ ушул ырды угуп корсонор жостор)
11.04.2015. 15:13
 BORYA92
сонун ырдаптыр
12.04.2015. 15:41
 oscar
патриоттук ыр
02.05.2015. 18:03
 munara.aidarova
Маанисиз эле ырдап жатышпайбы, андан коро улуу муундунардын ырларын элдин эсине салып ырдаса жакшы го
12.05.2015 10:21
amanatym
munara.aidarova,Эски ырлар менен эле чыкты го. Бир эки жаны ыры болбосо.Жакшы аткаруучу.Ийгилик.
02.05.2015. 18:07
 munara.aidarova
Жашоодо жанылбаган адам болбойт, азыр ким таза? Баарынын алкымы булганып калган, эженин ырдаган ырлары журоко чейин жетип барат. Азыркы заманда эн эле тазасы "музыка"
26.09.2015. 11:53
 aidan.nur
Мектепте музыка сабагында жаттаткан эле. Хор ырдачу элек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо