АК ШООЛА балдар хору "Чыр бала"
03:20
3,05 Мб
Жүктөлгөн: 10-04-2015
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Жасап алып тал чыбыктан күлүк аттар минебиз,
Ким биринчи оозуп кетсе ага мөрөй беребиз.

Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Күлүк атты мага бербей койдуң,
Ошондуктан силер менен ойнобойм.

Алсаң алчы ушул атты, чырлаганды койсоңчу,
Жүргүн эми балдар менен, биз кошулуп ойнойлу.

Кана балдар тур санакка эмки оюн жашынмак,
Ким санактан чыкпай калса ошол көзүн бек жумат.

Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Мен көзүмдү такыр жумгум келбейт,
Ошондуктан силер менен ойнобойм.

Мейли анда сен жашынгын, чырлаганды койсоңчу,
Жүргүн эми балдар менен, биз кошулуп ойнойлу.

Шакек салмай биз ойнойбуз кызыгып,
Шакек салса сен кармалбай тез ортого учуп чык.
Алтын шакек учуп чык.

Ойнобойм, ойнобойм силер менен такыр ойнобойм
Сен шакекти мага салбай койдуң
Ошондуктан силер менен ойнобойм.

Чыр бала, арабызда биздин бир бала,
Ойногонду билбей улам-улам,
Ортобузга чыр саласың чыр бала.

Комментарийлер (7)

10.04.2015. 12:07
 dastan_nookat
Азаматсынар!!!
13.04.2015. 18:26
 ryzhak
Ой рахмаааааааат)))) Админге рахмат айтам да туурабы? Рахмааат)))) суранычты тез эле аткарыптырсынар, ыраазымын!!!!!!!!!!!!!! Чыр бала)))) менин ырым да бул, гыгыгы
14.04.2015 09:29
admin_media
ryzhak, саламатсызбы!
Эч нерсе эмес! :)
09.05.2015. 23:56
 Isanov
Кана эми чон ырчыларда ушинтип ырдаса
08.10.2015. 07:52
 anar-87
тексти каяктан табабыз жакшы уну
угулбаптыр
04.03.2016. 15:34
 begaly-nurtilek
Текстин жазып койунуздарчы
03.09.2016. 07:51
 jannatym
Ырды жуктогондо тексти м,н болот эле го? Тексти болсо аябай жакшы болмок биз да балдарыбызга уйротмокпуз кошулуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо