Исирадин Аманбаев "Сагынба мени"
03:57
3,61 Мб
Жүктөлгөн: 14-04-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Жолдошбек Зарлыкбековдуку
Обону:Исирадин Аманбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.25/5
(4 добуш)
Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,
Сары жондон соккон сыдырым желге тосуп жүр.
Санаамда жоксуң чекеңден сүйгөн чагымда,
Саргыч гүл алып, таажысын төккөн отуз күн.

Сагынба мени, саргайган анда бак дагы,
Чымчыктын үнү чыйрыгар уксаң кайрылып.
Көзүңдөн күйүтүң төгүлө жаздап аз багып,
Кыруулай чапкан атчандан калган чаңды угуп.

Менин да кээде ичимди кетет ийдилеп,
Кырмызы жыты, кырк салаа өргөн чачыңды.
Түшүмдө бирөө түпөйүл сестүү кол кезеп,
Кайталап сенин куш сымал көрктүү атыңды.

Аптабы, айбы, аралаш карга, жамгырга,
Таарынган куштай каттарың учат айылда.
Каттарың учат карабай күнгө, ай-жылга,
Сөздөрүн окуйм сөгүлө жаздап кабыргам.

Сагынба мени, саргая күтпө, сагынба,
Сагыныч бирге, сары жарык отун өчүрө.
Аманы башка, отуздун аркы жагында,
Жылдызы жапыз, асманы чоочун көпүрө.

Комментарийлер (6)

14.04.2015. 13:10
 dastan_nookat
Женишбек Айтиев-''Ош'' деген ырын жуктоп койсонуздар сураныч Тундуктук келин деген тасманын акырында ырдады го?
14.04.2015 15:49
admin_media
dastan_nookat, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
15.04.2015 00:50
Nurlanchik
dastan_nookat, ойуна келген ырларды сурап эркелей берет экенсинда аа? Кайсы жакты караба сенин эле суранганын
Комментарийлерди жашыруу
15.04.2015 05:06
kmLove
Nurlanchik, Суранып жатса табып берип кой да колундан келсе
15.04.2015. 06:30
 Manas300795
Текстин жазып коюнуздарчы сураныч
15.04.2015. 12:22
 Мэри
Чынын айтсам, ырдын тексти түшүнүксүз, баш аламан, тантыгыраак экен. Жаккан жок, эмне деген текст, жөн гана сөздөрдүн жыйындысы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо