АК ШООЛА балдар хору "Мээрим"
02:58
6,77 Мб
Жүктөлгөн: 15-04-2015
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.46/5
(13 добуш)
-Эжеке, эжеке, айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим - мээримдүү күн,
Мээрим төккөн жериме.

Жакшы көрөм күндө эртеден,
Күндүн жайнап күлгөнүн.
Мээрим төгүп бакчамдагы,
Гүлдөрүмдү өпкөнүн.

-Эжеке, эжеке, айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим - эркелетип,
Сени өстүргөн ата-эне.

Жакшы көрөм күндө эртеден,
Энем жайнап күлгөнүн.
“Тура кой” деп эркелетип,
Көздөрүмдөн өпкөнүн.

-Эжеке, эжеке, дагы айтыңызчы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген дагы эмне?
Мээрим - сенин атың,
Мээримдүү кыз, кичине.

Жакшы көрөм, жакшы көрөм.
Сизди, эжеке, абдан.
Мээрим төгүп ырдап берчи,
Ушул ырды башынан.
Ырдап берчи, ырдап берчи,
Ушул ырды башынан.

-Макул, ырдайын.
Анда силер айткылачы,
Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим, мээрим деген эмне?
-Мээрим - эң мээримдүү,
Кең пейилдүү Жер эне.

-Азаматсыңар, балдар!
Эми чогуу ырдайлычы:
-Мээрим, мээрим, мээрим,
Мээрим деген эмне?
-Мээрим - Ата Мекен,
Мээрим төккөн элиме.

Комментарийлер (6)

15.04.2015. 11:25
 dastan_nookat
Унунордон ий ий!!
15.04.2015. 12:04
 edu.kg.
Оо жакшы болду.. рахмат чоон Админ!
02.05.2015. 23:39
 nurbaKG
Бала кезде мектептен ырдачу элек
02.06.2015. 18:10
 dosboss
Өтө сонун ыр! Ушундай ырлар менен эле чоңойгонбуз го! "Ак шооланын" балдарынын кылыгы менен ырдаганы тамшантат го, чиркин!
08.09.2016. 18:05
 shankol88
Мен учун ото таасирдуу ыр кунуно сосуз угуп турам бошогондо,рахмат силерге.
13.12.2016. 23:32
 Firdaus-Muslim
Марияга ушул ыр керек блуп жатты эле жакшы болдуда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо