Мирлан Баеков "Жаңылайым"
03:27
3,16 Мб
Жүктөлгөн: 16-04-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Ж.Абдыраимовдуку
Обону:М.Баековдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.73/5
(11 добуш)
Жаңырган айлуу түндү жамынайын,
Жол тартып мен өзүңө камынайын.
Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам,
Жайдары тосуп алчы Жаңылайым.

Кайырма:
Жаңылайым менин жаным, ай,
Агарып аткан таңым, ай.
Тоодой багым ай, бактылуу болмокмун,
Болсоң жарым, ай...

Көзүңө карегиңе багынайын,
Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын.
Көзү өтүп кетишпесин башкалардын,
Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.

Кайырма:

Комментарийлер (21)

16.04.2015. 17:34
 mendiba
Жакшы
16.04.2015. 17:42
 Jakusya
Толкундоолор :)... Сонун ыр...
16.04.2015. 18:09
 realliver
Jakusya, сага арналганбы?
16.04.2015 18:14
Jakusya
realliver, ооба да, Жанылай деген ыр жок болчу, эми чыгып суйунуп калдым :). Жаналыйларга арналган ыр мага да тиешелуугой ;)
16.04.2015. 19:42
 Ailyna
Сонун ыр болуптур
16.04.2015. 20:56
 ularik_kg
Мирлан байке ырыныз жакшы мага жакты го. Жанылайым ай дегенди ордуна ””Кулпунайым ай”” деп ырдасаныз дагыда соонун чыкмак. Ийгилик сизге 5+5=10
16.04.2015. 21:11
 oshn.lark.ru
Жакшы
16.04.2015. 21:13
 jypar.i
Чын эле жакшы ыр экен,эми келиштирип жакшы клип тартса экен,"Кызыл өрүктүн" клибиндей бир шумдук кылбай. Кызыл өрүк кандай сонун ыр, аны казактар да,орустар да ырдаган видеону көргөм. Ал эми клиби бүт жакшы пикирди жокко чыгарып, баарын бузуп салыптыр.
17.04.2015. 02:05
 kg.oruk-zar
Soonun mirlan baikenin bardyk yry jakshy
17.04.2015. 14:00
 beyonce-91
Сонун ыр болуптур,ийгилик!
17.04.2015. 14:04
 Floweryface
Жакшы ыр экен угумдуу
18.04.2015. 20:57
 suiuktuujar
жагымдуу ыр болуптурго
19.04.2015. 23:23
 Amantur.
Үнү эле өзгөчө оригиналдуу да бул ырчыбыздын.Ырга 5.
20.04.2015. 16:04
 laki
Сонун, жетпей калган сүйүүсүн даңазалап, муңканган үнү жүрөккө жетет! Жакты...
20.04.2015. 23:01
 dastan_nookat
Укса болчудай!!!
30.04.2015. 14:05
 merinargiz
Ыр сонун болуптур, уну андан отуп сонун..
07.06.2015. 01:43
 Ulukmyrza
Баракелде!!!
08.06.2015. 11:03
 bayana1987
сонун супер.
20.07.2015. 12:55
 ere
Жаңырган айлуу түндү жамынайын,
Жол тартып мен өзүңө камынайын.
Жамалың бир көрүүнү дегдеп барам,
Жайдары тосуп алчы Жаңылайым.

Кайырма:
Жаңылайым менин жаным, ай,
Агарып аткан таңым, ай.
Тоодой багым ай, бактылуумун билесин,
Болдун менин жарым, ай...

Көзүңө карегиңе багынайын,
Көрбөсөм, көргүм келип сагынайын.
Көзү өтүп кетишпесин башкалардын,
Көбүрөөк күлбөй жүрчү кагылайын.


деп тексин ондоп Озумун Жаңылайыма арнап койсом болчудай экен
24.09.2015. 23:57
 Biikech93
Ыр жакты жакшы ыр экен. Ырдын омуру узун болсун!
04.12.2016. 17:30
 taku95
ыйлаба кызым жар болуп сен турганда денен ырды ким ырдайт достор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо