Айар "Биздин каттар"
03:32
3,23 Мб
Жүктөлгөн: 21-04-2015

Бул ыр Диана Дамирова менен биргеликте аткарылган
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(11 добуш)
Сагынып сага жазган каттарымды,
Билбедим же жактырбай жатканыңды.
Же күздүн бүркүмүнө бүктөп коюп,
Саргайган жалбырактай катканыңбы?

Бир кезде мага жазган каттарыңды,
Көргөзбөй жан адамга катпадымбы.
Сезимден жүрөгүмө уя салып,
Үлбүрөп балапандай бакпадымбы.
Бакпадымбы, каттарымды катпадыңбы?

Өзүңдү күттүм неге?
Өкүнүп бүттүм дебе.
Жарашып алсынчы деп,
Жаштык кез күтмөк беле?

Күн өттүбү, арадан ай өттүбү,
Сезбей калдым, сезимди түнөттүмбү?
Жоолуң күтүп жол карап сен деп жүрсөм,
Жолоочудай жөн гана түз өттүңбү?

Канча ирет карааныңа жагалдандым,
Апкаарып айтар сөздү таба албадым.
Сагынсам да саргайып, жаным, бирок,
Батынып мен жаныңа бара албадым.
Бара албадым, таба албадым, жагалдандым.

Комментарийлер (18)

21.04.2015. 15:49
 banda-312
диананын деле атын жазып койсонор
21.04.2015. 17:21
 Aichoy
Соонун чыгыптыр!!!
21.04.2015. 17:33
 Нуркыз Курманбек кызы
кыздын уну эмне дейт. суу ичип чакалып кеткендей го ыыыы дейт
21.04.2015. 17:34
 Нуркыз Курманбек кызы
журогунон ырдаш керек го ырды ээээак
21.04.2015. 21:06
 МИЯ
молодцы!!!сонун ырдашыптыр :)
22.04.2015. 03:09
 Qnet
Айар сонун ырдайт да уну аябай ачык тунук,бирок кыз экоонун уну дал келбей калыптыр...
23.04.2015. 01:47
 Nursultaan
Сыймык Бейшекеевге жетпейт
25.04.2015. 20:15
 jannat_turatbek
Азаматсын Айар. Оркундой бер!!!
13.05.2015. 21:23
 baha9707
Укса болот
28.05.2015. 15:47
 dastan_nookat
Айтарга соз жок сонун ыр !
31.05.2015. 17:47
 guljigit.casper
Жакшы музыка экен
14.07.2015. 00:54
 Daniel_-_
Тексти болсо
26.07.2015. 14:36
 keremet06
jakshy eken))
05.09.2015. 18:02
 dastan_nookat
Музыкасы сонун
21.12.2015. 23:28
 ulik_545
Молодец Айар алгаа!!!
21.12.2015. 23:29
 ulik_545
Чыныгы колдуксун да !!!!!
02.07.2017. 01:05
 Aibek_01
http://www.super.kg/mobile/media/?search_author=1025&media_search=1
02.07.2017. 01:06
 Aibek_01
Айар "Биздин каттар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо