Ильяз Абдыразаков "Кайра, кайра"
03:22
3,85 Мб
Жүктөлгөн: 23-04-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Шахназар Бөрүкуловдуку
Обону:Ильяз Абдыразаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.68/5
(31 добуш)
Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.

Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң,
Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.

Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.

Комментарийлер (28)

23.04.2015. 19:08
 ulukbek8990
Зынк ырдаптыр азаматсын онорун оркундой берсин баракелди сага 5
23.04.2015. 19:08
 kg.oruk-zar
Соонун чыгыптыр дагы жакшы жакшы ырларды кутобуз
23.04.2015. 19:40
 mendiba
Jakshy
23.04.2015. 19:49
 adidas.08
жакщы бирок хит боло тургандай деле эмес
23.04.2015. 19:53
 DOMIK
Жакшы ийгилик
23.04.2015. 19:58
 Zair_Alimov
Super! Go super!
24.04.2015. 00:23
 sama1212
Музыкасынан башкасы жакпады
24.04.2015. 01:44
 Mametale
sonun ritm jahty maga
24.04.2015. 03:13
 Qnet
Баарынар бийге!Хэй,ассса,эй...
24.04.2015. 04:59
 jazira_92
Сонун ыр болуптур
24.04.2015. 08:11
 dastan_nookat
Жакшы,жакшы!!!
24.04.2015. 08:45
 rihanna-kyzym
Мыктыыыыыыыыыыыы ыр
24.04.2015. 12:33
 Asiko95
Сонун чыгыптыр ыр.сиздин ырларынызды баары жагат.журокко жеткирип ырдайс.
24.04.2015. 17:54
 suiuktuujar
Жакшы жакшы.
24.04.2015. 20:33
 dastan_nookat
''Текст'' Кошуп койсонуздар!!
24.04.2015. 22:31
 boyka.kg
жакшы болуптур азамат!!!!!!!
25.04.2015. 03:04
 Aichoy
Озунчо анча чыкпаптыр дегендердин оздору анча эмес! Ушундай денеге пайдалуу музыкаларды жаратса болот экенго, капкайдагы мээни чайкамай ырларды чыгарышат кээ бирки ырчылар!суппер Ильяз!
25.04.2015. 12:48
 zhenishmyrza
Азамат Ильяз, ырларын супер, анча мынча аранжировкага комуз куусун кошуп койсон дагы мыкты болмок эле.
26.04.2015. 10:50
 patma.mahmud-kyzy
Супер! Сонун ыр экен музыкасы да жагымдуу, ыры да маанилуу жазылыптыр.
27.04.2015. 10:47
 shutUP
Жаздын жаңы ачылган гүлүн көргөнмүн,
Таңдын күлүп чыккан күнүн көргөнмүн.
Бирок дүйнө кезип издеп келсем да,
Жалгыз сендей сулуу жанды көрбөдүм.
27.04.2015. 10:51
 shutUP
Кайырма:
Кайра-кайра карап тойбогон,
Карагаттай көзүң ойногон.
Карегиңе сенин байланып,
Карлыгачым күндө ойлоном.
Күлүп койдүң көзгө илбедиң,
Көкүрөктү өрттөп күлгөнүң.
Кылыктарың мени арбаса,
Кантип жаным сени сүйбөйүн.shutUP түзөттү 2015-04-27 10:56:34
27.04.2015. 10:53
 shutUP
Нурдан жаралгандай сүйкүм келбетиң,
Гүлдөй назик жансың жаным берметим.
Башка жанга сени ыраа көрө албай,
Билгин сени эчкимге жаным бербеймин.
27.04.2015 16:12
admin_media
shutUP, саламатсызбы! Рахмат! :)
Комментарийлерди жашыруу
28.04.2015 13:50
shutUP
admin_media,эчнерсе эмес!
01.05.2015. 20:43
 karona
супер жакты Ильяз азаматсын!
03.05.2015. 14:35
 kutu0098
Ильяздын эле ырлары сонунгоо.
Азаматсыз байке ийгилик сизге.
23.05.2015. 21:45
 Sherkul
Зынк
04.08.2017. 01:47
 joomart90
Чыныгы талант,ар убак бирдей. Сиз деп урматтап турат менден чоң болсода
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо