Ильяс Кудретов "Айылдык кызга"
03:56
3,59 Мб
Жүктөлгөн: 23-04-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Ильяс Кудретовдуку
Обону:Ильяс Кудретовдуку, Улан Атанбаевдики
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(16 добуш)
Алма гүл ачкан кезде,
Барамын мен сени издеп айылга.
Көргүм келип, ак жүзүңдү,
Сагынып мен барам жаздын айында.
Кайра-кайра элестетип сени даалай күн өттү,
Аке деген сөзүң менен,
Арбап алдың карындашым жүрөктү.

Кайырма:
Карагаттай көзүң,
Балдай ширин сөзүң,
Суктанамын жаным, ардагым.
Тааныштайсың кылым,
Айтчы мага сырың,
Жүрөгүмдү кантип арбадың?
Агын тоонун суусу, айылдын сулуусу,
Черттирдиң го жүрөк кылдарын,
Ала качпа көзүң, жүрөгүмдө өзүң,
Бул ырымды сага арнадым.

Неге-неге, айтчы неге?
Арбалдым мен айылдык кыз сендейге.
Ыйманыңды сүйдүм, жамалыңа күйдүм,
Болосуңбу деги жубай мендейге?
Айылыңа барып, сага сөйкө салып,
Келемин, ай, чырайлуу кыз канткенде?
Жеңелери коруп, бизге тоскоол болуп,
Койбосунчу колуң сурап келгенде.

Кайырма:

Комментарийлер (19)

23.04.2015. 18:47
 daniel87
Добулбас тобу жакшы ырдашат Ундоры да жакшы бирок бул ыры кичине Гулжигит сатыбековдун бир жакшы ырына окшошконсуп жатат
23.04.2015. 19:12
 kg.oruk-zar
Жакшы ырдаптыр азаматтар
23.04.2015. 20:34
 Umar01
Ийгилик жигиттер супер!!!!
23.04.2015. 22:55
 Eraly___
Klass +5
24.04.2015. 02:34
 jigitaly
Jakshy
24.04.2015. 02:39
 Baktiyar_saparov
Азаматсынар))))!
24.04.2015. 03:05
 Qnet
Асель дей берип чарчатышты эле,жакшы эле болбодубу!
24.04.2015. 04:26
 Zair_Alimov
сууупер го
24.04.2015. 17:48
 suiuktuujar
сонун болуптур.
24.04.2015. 19:48
 ilyaz14
Гулжигит Сатыбеков-кара каш
25.04.2015. 03:13
 Aichoy
Урматтуу администрация!Силерден сураныч Д.Акулованын "суротун берчи мага сени менен ак кагазга тушкон"деген саптарын эле билем ушул ырын таап берип койгулачы!Ырахмат заранее!
27.04.2015 18:29
admin_media
Aichoy, саламатсызбы! Азырынча Байыш Момуновдун аткаруусунда бар http://www.super.kg/media/audio/140475. Сунушуңузду эске алабыз.
25.04.2015. 18:18
 aibek0001
соонун чыгыптыргоо, бийлей бере турган, дагыда жаны чыгарма кутобуз..
29.04.2015. 17:51
 nargizka.kg
Соооооонун откоруп алып бийлебесем. :-)
11.12.2015. 19:58
 barlas86
admin текстин жуктоп коюнуздарчы
08.01.2016. 21:55
 Busadia
Ооо соонун ыр экен +5555
25.10.2017. 16:41
 originalkgz96
Ушул ырды комуз менен ким ырдайт? Айтып коюңуздарчы ?
15.11.2017. 16:49
 originalkgz96
?
16.11.2017. 09:58
 originalkgz96
Ушул ырды комуз менен ким ырдайт? Айтып коюңуздарчы ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо