АК ШООЛА балдар хору "Мен кыргыздын уулумун"
03:01
2,76 Мб
Жүктөлгөн: 27-04-2015
Жанр: Эстрада
Көчүрүү
  • Currently 4.75/5
(4 добуш)
Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын,
Көркү ажайып, көз тандырган ээси чындыктын.
Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт таптаган,
Мен уулумун шамал жиреп, өскөн кыргыздын.

Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.

Уламалуу уясындай ыйык нур куттун,
Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң.
Кыйындыкта оттой жанып, белин чечпеген,
Мен уулумун көз ирмебес, баатыр кыргыздын.

Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.

Түпкүлүгүн түптөп бекем, жашоо-турмуштун,
Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын,
Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган,
Мен уулумун кут ширеткен чебер кыргыздын.

Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.

Комментарийлер (7)

28.04.2015. 20:27
 suiuktuujar
Унуңөргө береке мотурайгандар десе сонун ыр азаматтар.
18.08.2015. 00:11
 nak
ииииииииииииииии кагылайын
25.08.2016. 22:23
 ilana
урматту админ ушул балдардын жожолорум деген ырын жуктоп коюнуздарчы чыйпылдаган жожолорум эрте туруп жем чачамын уйкучу кыз дедирбейм деген жерлери болсо керек
26.08.2016 11:48
admin_media
ilana,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
29.08.2016. 01:06
 ilana
Рахмат чоон
25.11.2016. 08:09
 Kyialkech
Админ ырдын текстин жазып кое аласыздарбы? Рахмат.
17.01.2017. 22:44
 Gulumm
Текстин жазып коесуздарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо