Түмөнбай Колдошов "Студенттик күндөр"
02:57
6,73 Мб
Жүктөлгөн: 13-05-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Каныбек Исаковдуку
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.67/5
(3 добуш)
Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай,
Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай.
Көңүл кушун көкөлөткөн обого,
Кандай сонун студенттик күндөр ай.

Кайырма:

Билимге ширелген,
Бактылуу көз ирмем.
Студенттик күндөрдү,
Жар салам ыр менен.

Сүйүү ширелген,
Армансыз көз ирмем.
Студенттик кезимди,
Даңктаймын ыр менен.

Жатакана ар бир бөлмө тагдырлар,
Кыз-жигиттин дил табышкан жайындай.
Аруу тилек максаттарга чулганган,
Өтүп барат студенттик күндөр ай.

Кайырма:

Жаңы достор, жаңы теңтуш курбулар,
Биргелешип келечекке жол улар.
Оттуу курак күлгүн кезди эңсетип,
Жүрөктөрдө жаңырса дейм бул ырлар.

Кайырма:

Шарактаган шаттуу күндөр,
Таңды тоскон таттуу түндөр.
Студенттик алтын кезим,
Жаңы ачылган жашыл гүлдөй.

Комментарийлер (2)

13.05.2015. 23:37
 chonalaikaramyk94
Эн жакшы онорунуз оркундой берсин агай!
18.05.2015. 20:38
 XuLiGaNkA
Созу биздин Ректорго тиешелуу го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо