Түмөнбай Колдошов "Мен түшүңө кирсем экен"
03:36
4,1 Мб
Жүктөлгөн: 20-05-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Айгүл Узакованыкы
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.10/5
(10 добуш)
Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Качанкы кайрылбаган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен.

Ар түндө издей берип тааныш үндү,
Шарпылдак толкундарды сапырарсың.
Көздөрүң толуп кетип кусалыкка,
Обонун улуу жаздын чакырарсың.

Аны сен изде ташып, кайра толуп,
Шатырап кызыл кечте жамгыр болуп.
Издегин жүрөктөгү арзуу болуп,
Жазында таңды тосчу жаңы ыр болуп.

Көл түстүү көйнөк кийип бүгүн түнү,
Түшүңө ушул түнү кирсем экен.
Эсиңе түшө калган жаштыгыңдын,
Бир үзүм жалынына күйсөм экен,
Чын эле мен түшүңө кирсем экен...

Комментарийлер (2)

23.05.2015. 22:57
 uulay
Тексти абдан мыкты экен
27.05.2015. 01:16
 BRILIANTTKA
Соонун ,мазмуундуу ыр экен...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо