Байыш Момунов "Сен ыйлаба"
04:15
3,88 Мб
Жүктөлгөн: 21-05-2015
Жанр: Ретро
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(4 добуш)

Неге бүгүн жаным сенин көздөрүңдө жаш,
Неге бүгүн көрүнбөйт го шайыр көз караш.
Эмнегедир кайгы-муңга чөгүп кеттиң сен,
Эмнегедир сүйүүгө сен ишенбей калдың.
Акыр ушунчалык таш боор, жалган бул дүйнө,
Жаралган соң бул дүйнөдө кайгысыз өтсөң.

Кайырма:
Сен ыйлаба, сен кайгырба,
Жүрөгүңдү кыйнаба.
Бул күндөр да өтүп кетер
Сен көз ачып-жумганча.
Сен ыйлаба, сен кайгырба,
Жүрөгүңдү кыйнаба.
Акыр жашоо дагы алдыңда,
Бактың табарсың сен, кайгырба.

Дагы күтөөр сени жаным, кубанычтуу күндөр,
Сен үчүн жанар асманда чолпон жылдыздар
Дагы ойгоноор жүрөктө жакшы үмүттөр,
Дагы ойгоноор жүрөктө ошол сезимдер.
Акыр ушунчалык таш боор, жалган бул дүйнө,
Жаралган соң бул дүйнөдө кайгысыз өтсөң.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

21.05.2015. 12:37
 damir007
Жакшы ыр... Ретро да бул ээээй
22.05.2015. 14:08
 aydarken
Озбекчеден которулган "Болалар"
22.05.2015. 15:31
 dastan_nookat
Ретро жакшы ыр !!
24.05.2015. 10:41
 zoro21
супер ыр!ретросу да жакшы болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо