Гүлнур Сатылганова "Ак санат "
03:40
3,38 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2008
Сөзү:Кыялбек Урманбетовдуку
Обону:Эркин Мээркановдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.64/5
(11 добуш)
Адам болуп жаралып дүйнөгө бир келген конокпуз,
Кадырлашып калалык, бүгүн конок, эртең жомокпуз.
Кезекти кур кетирбей, тилегиңе жаркын үмүт кош,
Кейисең да кечинде, эртең менен күндү күлүп тос.
Күмүш күндөр миң, бирок, досум, түшүнгүн,
Эң кымбатың эртең эмес, ушул күн.

Кайырма:

Элиңе жүрөктү арнап салгын,
Телегей тең болуп ардакталгын.
Сездиңби шашылат өмүр шамалдай,
Мезгилди учурбай кармап калгын.

Өмүр бою өчүрбөй, жүрөгүңдү жандыр сүйүүгө,
Өткөн ишке өкүнбөй, кубанычты чакыр үйүңө.
Көңүл эзген муң жаман, көзүбүздөн кээде жаш тамып,
Бузулса да бул заман, адам бойдон калгын сакталып.
Тагдыр ушул деп таарынганың бекер кеп,
Талпына бер максатыңа жетем деп.

Кайырма:

Комментарийлер (27)

28.10.2008. 16:30
 bakulj
Жакшы кором ушул ырды
28.10.2008. 17:58
 melis4ik
Maga aiabai jagat
02.11.2008. 12:32
 jazka
yga albai jatam kaira
03.11.2008. 19:36
 dilara
En jakshi ir!Chin ele sanat iri!Alga Gulnur eje!
06.11.2008. 17:59
 jazka
super!ozy da yry dagy!
08.11.2008. 19:08
 spp
Ырдын текстинин авторуна ЗАЧОТ
Аткаруучу айымга таазим ))
10.11.2008. 20:24
 jazka
Ырдын текстинин автору kim boldy eken???
25.01.2016 09:32
karlalia
jazka, ырдын текстинин автору акын Кыялбек Урмамбетов - Жүздөн ашык обондуу ырлардын автору. 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө. 1997-жылы ЮНЕСКО тарабынан Вена шаарында уюштурулган балдар адабиятынын эл аралык семинарына катышкан. Республикалык чыгармачыл жаштар фестивалдарынын бир нече жолку лауреаты. 2000-жылы Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, 2005-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамдын ээси, анан дагы мение таякем :-)
13.11.2008. 11:11
 passionarXXI
Omur shamalday uchup shashylsa da, bul chygarma adamdarga kalat saktalyp!
14.11.2008. 10:10
 МээримКа
ииии....уну аябай сонун да!=)))
Гулнур эже озу дагы сонун!=)
17.11.2008. 11:35
 Шаиста Шатманова
Гулнурдун женил-желпи ырларды ырдабаганы жагат. Бардык ырларынын созу, обону сонун!
22.11.2008. 03:15
 germanlove
Gulnur dun unu "Zolotoi golos Kyrgyztana"!
28.11.2008. 12:48
 Зарема
Да просто чистый Золотой голос !
28.11.2008. 23:00
 Aidai
Бул ырды укканда мааниси аябай жакшы без слов мага жагат тарбиялык маанидеги ыр
29.11.2008. 02:10
 bosia
Негизи Сахнада канча жылдан бери ордунузду жоготпой келе жатасыз. Мен сизди абдан сыйлайм жана урматтайм. Ырыныз болсо супер.
06.12.2008. 09:54
 mik
Талантыныз ташкындай берсин.
16.12.2008. 13:53
 Зарема
Маладес!
24.02.2009. 16:34
 Kyjal
G.Satylganovanyn baardyk yrlary sonun, antkeni, unu en shakshy, dep oyloym.
21.04.2009. 21:05
 lolakisa
мындайлар 100 жылда 1 дуйного келет.
20.03.2011. 16:44
 Yeah-01
Чындап эле Yeah экен
30.04.2011. 15:45
 jaka03
сиздин ырларыныз, унунуз мага абдан жагат!!!
06.09.2011. 21:34
 mamamia
маанилуу ырларды ырдайт кыргыздардын башка ырчыларга караганда так держать
06.09.2011. 21:35
 mamamia
гулнур озуно жараша ырларды тандап ырдайт кыргыздарда ушундай маанилуу ырчылар кобойо берсин
11.09.2011. 10:47
 2tj
jawagyn kelet Gulnur ejenin yrlaryn ukkanda, iygilik sizge, uzun omur yrlarynyzga, 4ydamsyzdyk m/n jany yrlarynyzdy kutom, rahmat sizge.
18.04.2012. 18:04
 abba_aipa
super info, DASTORKON degen yryn kowup koigula4yyyyyyyyyyyyyyyyyyyyyyyyyyy
28.01.2013. 23:37
 nurnsk
ооо супер,адамга дем берип турат унунуз!
17.03.2014. 12:11
 admin_media
Mederina11,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо