Аскат Мусабеков "Түнкү ыр"
04:36
4,21 Мб
Жүктөлгөн: 28-05-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:Шербет Келдибекованыкы
Обону:Түгөлбай Казаковдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.50/5
(10 добуш)
Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.

Кайырма:
Жок, жок менин уккум келет башкача үндү,
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү.
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү,
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн.

Коштоор элем мукамдуу батына албайм,
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм.
Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр,
Сагынычтан, кусадан алсыраган.

Кайырма:

Турам тыңшап селейип үн катпастан,
Дирилдеткен кусалык добушуңду.
Чертким келди менин да ушул күүнү,
Бирок корком албаймын комузумду.

Комментарийлер (5)

30.05.2015. 11:55
 ryskul94
Сонун ыр!
14.06.2015. 13:19
 orhidea83
Соооонун ыр экен
01.07.2015. 04:42
 hakker_a
ушул ырды укканда жүрөгүм бир токтоп бир согот
28.04.2016. 20:07
 aza312.kgz
Урматтуу админ Аскат Мусабековдун Мунарым аттуу ырын жуктоп койосуздарбы?
29.04.2016 12:57
admin_media
aza312.kgz,
Саламатсызбы!
Аскат Мусабеков "Мунарым" www.super.kg/media/audio/166501/
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо