Гүлнур Сатылганова "Булуттар"
05:30
10,09 Мб
Жүктөлгөн: 08-07-2010
Көчүрүү
  • Currently 4.70/5
(10 добуш)
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем,
Бакыт издеп Ала-Тоону жердегем.
Ардагымды жолдон кантип жоготтум?
Арманымды агызамын жел менен.

Бөпөлөгөн махабатым өлбөстөй,
Көкөлөгөм кайгы-муңга көнбөстөй.
Көл булуттар, мен силердей буулугуп,
Көз жашымды төгөм, бирок көргөзбөйм.

Кайырма:
Булуттар, булуттар,
Жандап өтпөй, жалгыздыкты унуткар,
Жанды жууп сал жамгырыңа, булуттар.

Күзгө жетпей саргаябы гүл өңүм?
Күүгө келбей, күтөт кимди жүрөгүм?
Мендей бирөө жалгыздыгын жашырбай,
Мээрим издеп жүргөндүгүн билемин.

Уялаган жан дүйнөмдүн боштугун,
Убайымдуу ойлор, кош бол, кошкунуң.
Учкум келет жаз чакырган дүйнөгө,
Уккум келбейт канатымдын жоктугун.

Кайырма:

Өзөгүнөн жанып турган тоо сымал,
Өмүр өчпөйт, чагылгандай оту бар.
Көңүл көчөт жамгыры көп жактарга,
Көл булуттар, катарыңа кошуп ал.

Бактым кайда, жер кезейин жел менен,
Бактым кайда, кезикпейбиз эмнеге?
Бактым кайда, баратамын тосуп ал,
Байлык үчүн бул дүйнөгө келбегем.

Кайырма:

Комментарийлер (32)

08.07.2010. 17:57
 Colt45
Мыкты ыр. Гульнур эженин үнү сонун. ;-)
10.07.2010. 19:21
 kaka
Гульнур эже Кыргыстандын Алла Пугачовасы,кудай ушундай эжелерди берсин,каяктагы фонограма менен ырдап элдин кыздарды алдап Иляз,Султан,дагы башкалар дегендей.
10.07.2010. 22:21
 Адам
Гүлнур Кыргыстандын Алла Пугачевасы эмес, Алла Пугачева Орусиянын Гүлнуру!
11.07.2010. 17:46
 11111
Жакты
13.07.2010. 12:02
 maradona
Гулнур эже биз сиз менен сымыктанабыз.
15.07.2010. 17:30
 jamshut
жакшы.укса болот
15.07.2010. 19:41
 KOLPOCH
Бул ыр кыргыздардын эн оор ырларынын бири. Ырдын структурасы абдан жагат.
18.07.2010. 13:02
 дото тытынч
бул дуйного адам жалгыз келет жана жалгыз кетет,бирок адамдын жашоосу да жанында туугандарын,достурун,балдарын болуш керек,бирок ар бир адамдын ичинде жалгыздык бар........ Абдан угумдуу,оор манилуу жана чон саппата аткарынган ыр!!!
03.08.2010. 15:57
 tynalieva
жакшы азаматсыз Гулнур эже ардайым бар болунуз!!!
04.08.2010. 22:52
 milli
Adamdyn aytkany jakty.
Gulnur ejenin unu ayabay ukkuluktuu, bar bolunuz, chygarmanyz onugo bersin.
04.08.2010. 23:33
 kinostan
Озбектерде Бургутлар деген ырды уктум. Ыр которулган эмеспи туугандар???
жообун кутом....
08.12.2013 16:16
nora_lelka
kinostan, Бургутлар - котормосу Бүркүттөр деп которулат, а Гульнур эже которулма ыр ырдабайт!!!
04.08.2010. 23:33
 kinostan
Супер инфо авторлорун, текстин жазып койсонуздар мыкты болмок!!!!
10.08.2010. 11:10
 Nunu
Гулнур эже Сарттардын ырын которуп ырдабайт голос ырларынын мааниси негизи баары топ келишкен ырларынын баарысы уккулуктуу талантыныз таазим бар болун Гулнур эже
10.08.2010. 11:13
 Nunu
Азыркы мааниси жок болбогон ырлардан мин эсе жакшы ырдайт эски ыр болсо да туболуктуу ыр бул канча уксан да аздык кылат кайра эле уккун келе берет азыркы чыгып жаткан ырлар убактылуу эле кийин укпайсын деле жакпай калат дегенде....
10.08.2010. 11:20
 Nunu
Kinostan Узбектер эмес алар деген Сарттар деген болот алардын ырын которбойт да (Бургутлар) просто алергия
10.08.2010. 13:25
 Мэри
Бул ырды ото деле эски ырларга кошууга болбойт. Ырдын тексти, жанылбасам, Кыялбек Урманбетовго, обону Камчыбек Букалаевге таандык. Мыкты ыр. Мыкты аткарылган. Убагында бул ыр менен мен да "ооругам". Азыр деле жакшы кором. "Жакшы ыр журокко жетет" демекчи, жакшы ырдын омуру да узун болот...
06.09.2010. 01:57
 Akyikatchy
Эх,эже унунуз кандай керемет,сулуулугунуз менида арбап турат. Балким эртерээк торолгондо сизди алганга буткул куч аракетимди жумшамакмын. Арсыз экен дебениз. Сизге деген суйуунун кучу.
26.09.2010. 19:43
 anarbeka
Кака Ошол фонаграмма сенин колунан келбей арнерсени балдырап жатасын
15.10.2010. 23:37
 MUSYA
стресс снимать эте турган ыр экен.
08.11.2010. 05:50
 Arstan
Азамат да Гулнур эжеке,булуттааар деп кыйкырган жеринде чымырап кетем да толкунданып.Негизи сонун ыр.
02.12.2010. 14:30
 baitik
anarbeka sen fonagramma menen baldyrap atasinbi?
16.01.2011. 19:44
 Gul88
Бардык ырларыныз соонун эже унунузда соонун чыгармачылыгынызга ийгилик...
10.10.2011. 14:27
 mirumir
soz jok
19.10.2011. 22:06
 Kanjarr
супер
19.11.2011. 12:52
 damirka
Бургутлар дегени,бизче Буркуттор болсо керек
16.07.2012. 09:49
 kenen
Cоз болушу мумкун эмес.
09.04.2013. 20:26
 admin_media
diku.bek,
Баары жайында, текшерилди. Сын-пикирлер купуя менен жиберилиши керек! Сизге эскертүү!
08.12.2013. 16:15
 nora_lelka
сонун ыр, унум жетсе ырдамакмын, ошондуктан угуп тажабайм!!!
01.06.2014. 21:45
 Omurzak-17
Ушул эжебиздин жаны чыккан ырын жуктоп койгулачы сураныч омуур омур жалган деген ыры барго аталышын билбедим
02.06.2014 18:23
admin_media
Omurzak-17,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
10.11.2016. 10:10
 Manaskg.1
Голос Отто Жогорку денгелде аябай мага жагат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо