Абир Касенов "Сүйүү каты (Remix)"
03:24
3,11 Мб
Жүктөлгөн: 12-01-2016
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.75/5
(4 добуш)
Көп күттүргөн аруу сезим келди мага,
Көкөлөп учкан куштай ак таңымда.
Тагдырым белек берген бакытымды,
Таалайымды түбөлүк мен таптымбы?

Кайырма:
Өзүңдү мен өмүр бою издеп келгем,
Көздөрүңдөн арзуу нурун көрсөм дегем.
Мөлтүр таза менин сага махабатым,
Жообун күткөн чын сүйүүмдү кабыл алгын.

Жүрөгүмдүн оттой ысык алоосу сен,
Жаштыгымдын жанып турган каалоосу сен.
Жан биргем деп жандап жүрсөм сезим арнап,
Жалындаган сүйүүм менин сени тандайт.

Кайырма:

Айланчыктап жаныңдан чыккым келбейт,
Айды кармап сырдуу түндө күткүм келет.
Айперидей жамалыңды бир көрүүгө,
Аздек кыял айдап келем мен күнүгө.

Кайырма:

Комментарийлер (4)

06.04.2016. 02:59
 Nuruddin
Жакшы чыгыптыр
21.04.2016. 17:09
 tiku93
Алыс журуп кайрылып келгенимде ишенбедим укканым коргонумо жан досумдун уйуно кирип барып жолугуштум озумдун суйгонумо деген ырды ким ырдайт айтып койгулачы сураныч
09.07.2016. 01:37
 Dinislam_kg
Зынк болуптур
29.12.2017. 13:09
 shurik.99
Өзүңдү мен өмүр бою избееп келгем...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо