Кенже Көбөкова  "Сагыныч"
02:58
2,71 Мб
Жүктөлгөн: 05-06-2015
Жанр: Эстрада
Сөзү:ТоктосунТыныбековдуку
Обону:Насыр Даблесовдуку
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(4 добуш)
Сен болсоң тоонун улары,
Мен болсом аккан булагы.
Булактан улар суу ичсе,
Таркайбы жандын кумары?

Жаз айы, жамгыр төккөндө,
Жаз айы, сулуу көктөмдө,
Элжиреп кетти жүрөгүм,
Алгачкы жолу өпкөндө.

Сен болсоң көлдүн кайыгы,
Мен болсом анын балыгы.
Кайыкка балык жанашса,
Болбостур анын айыбы.

Узасаң болду алыска,
Жарасаң болду намыска.
Сүзмөдөй аппак жүзүңдөн,
Өптүрүп койчу карызга,
Сүйдүрүп койчу карызга.

Комментарийлер (3)

08.06.2015. 14:09
 Lazat
Кенже эже чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Ырларыныз абдан маанилуу жакшы ырлар. Дагы да коптогон ырларынызды кутобуз. Бар болунуз.
08.06.2015. 18:19
 Bazis
Урматтуу админ! Элдик таланттарда ырдаган Кишимжандын "жакшы сөз айтчы мага" деген ырды жуктөп коесуздарбы?
22.01.2018. 18:16
 kutmanov
Ушул ырдын автору ким билгендер жазып койгулачы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо