Гүлнур Сатылганова "Ак көгүчкөн"
04:24
4,04 Мб
Жүктөлгөн: 25-10-2008
Сөзү:Бек Борбиевдики
Обону:Бек Борбиевдики
Көчүрүү
  • Currently 3.27/5
(11 добуш)
Таң да атты, таалайым батып баратты,
Үмүт катты, үзүлүп көздөн жаш акты.
Болду го дейм, өзүмө суроо бере албай,
Козгой албай, кансырап турган жараатты.

Кайырма:

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?

Арман кылар айтылбай, балким, сыр калар,
Унутулар ырдалбай, балким, көп ырлар.
Ак көгүчкөн, сен дагы жалгыз, мен жалгыз,
Эгиз сыңар окшошту биздин тагдырлар.

Кайырма:

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?

Мен үзүлбөйм, аскада гүлдөй үзүлбөйм,
Мен өкүнбөйм, чайпалып көлдөй төгүлбөйм.
Мен жанамын, күндүзү күндөй, түнү айдай,
Булуттардай, бир көрүнүп, бир көрүнбөйм.

Кайырма:

Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Жан сырым сага бөлүшкөм.
Барбы же билбейм башка арга,
Көл кылып көз жаш төгүштөн?
Ак көгүчкөн, ак көгүчкөн,
Сырдашып сага көнүшкөм.
Билбеймин, неден жаңылдым,
Адаштым кайсыл өрүштөн?

Комментарийлер (27)

25.10.2008. 17:32
 Шаиста Шатманова
любой ыры супер! соз жок
05.11.2008. 11:57
 Djan
Prosto SUPER!!! Zolotoi golos
12.11.2008. 09:15
 Nike
Кочуруу мумкун эмеспи?
14.11.2008. 10:11
 МээримКа
класс!СУПЕР!соз жок!=)
24.11.2008. 11:14
 Айдай
Эх! Чиркин Керемет просто.
01.12.2008. 22:40
 КРУТОЙ МУЖИК
Грамотная певица, и очень даже приятная внешность!
07.12.2008. 03:39
 АРСТАН
Уваах мынча сонун ыр? мага жакты Москвадан келейин сразу же куплю её новый альбом!
19.12.2008. 12:15
 bakel85
Саламатсызбы Гулнур!!! Бар болунуз, ырларды жакшы аткарасыз. Бар болунуз.
14.01.2009. 15:33
 ХАНЗАДА
ОО, ушул ырды уксам деле кайра-кайра уккум келе берет эмнеге.
30.03.2009. 04:08
 azastarus
bul yrdan ech kachan jadabasam kerek...
08.06.2009. 14:03
 snnt
Эл журт жардам бергилечи силерден суранам, кандай кылып кочуруп алсак болот? алдын ала ыраазычылыгымды билдирем. р.s.Tima
28.06.2009. 17:49
 edil
Унунузго баа беремда Гулнур эже. Сизге ийгилик
13.12.2009. 03:47
 сокол
мага ушул ыр аябай жагат "+5"
05.03.2010. 23:53
 Адам
Мен болсо Гүлнурдун бааааааааардык ырларын жактырам. А Гүлнурдун өзүн сүйсөм керек. Эң мыкты Гүлнур!!! Кыргызтанда ага тең келе турган ырчы жоккк (азыркы учурда)!
17.04.2010. 22:56
 seidaly
Жакшы ыр, жакшы аткарылган.
17.04.2010. 23:12
 bambucha
ДА! согласен! хорошая исполнительница.
и голос ничевая ))
27.05.2010. 20:55
 ALYKER
Ejeke, bulbul ununguz jangyra bersin!
Dagy jakshy yrlardy yrday beringiz
25.07.2010. 11:35
 taha
Gulnur krasavitsa...
08.01.2011. 01:36
 lira16
Бул ырды уккандан тажабайм.
30.04.2011. 17:51
 Akyikatchy
Менин тагдырымды ырга айлантып Бек байке жазып койгондой.Ал эми ширелиштирип Гулнур эжемдин созгону ... аттин ,дартымдын дабасы,арманымдын бактысы.Эх,деги мен канча жашайм ?! Жалгыздыктын сур булуту дагы канча кармалат.Бир келген омурдо кайгы-муну жок жашап отсок эмине .
15.06.2011. 21:31
 manbak
Азаматсыз Гульнур эже!!! бир эле сиз жаш ырчылардан кем калбай кележатасыз браво.
15.12.2011. 17:35
 Sozmor
Чынында биздин примадонна Гульнур Сатылганова,
30.01.2012. 17:56
 K.Iskakov
Супер ыр! Гульнур эже чыгармачылык ийгилик!
07.02.2012. 19:47
 Guliza_Ismanalieva
ото ушу ыры жагат !!! алах ыразы болсун ото уну керемет !!!
06.03.2012. 19:45
 sogdi_1991
Менинда атым Гульнур, мен сиздин ырларынызды абдан жакшы кором бул ырынызда абдан сонун! ийгилик сизге!
04.07.2012. 19:59
 Meko1991kg
Gul'nur ejeke siz en jakwy adamsyz birok meni bir nerseniz oilontot siz da jyldyz oorusu m-n ooruit turbaisyzby owo kichik kyz sizdin talantynyzdy baalap siz m-n surotko tuwoiun dese siz bolso anyn wagyn syndyryp "so mnoi wto li" dep akyraaya karap oruscha aytkanda priznavaitetpei ketip kalbadynyzby bilesizbi? bul kylganynyzga men jindenbei ele dagy ele sizdin fanatkanyz bolup jurom men sizdin talantynyzdy baalaim///
05.08.2015. 13:35
 suiutbekov1989
Ушул ырды бек борбиев менен аткарган вариантын жук топ койунуздарчы алдын ала рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо