Жоодарбешим "Сенсиз мага..."
04:16
3,91 Мб
Жүктөлгөн: 12-06-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Жоодарбешимдики
Обону:Жоодарбешимдики
Көчүрүү
  • Currently 4.46/5
(26 добуш)
Ачылган гүлдөй жадырап жамалың жарык,
Билбеймин сага кайсы күнү калдым арбалып.
Качанкы өчкөн сезимге кайра жан бердиң,
Эх, гүлдөй болгон сулуусу бардык перинин.

Кайырма:
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Жашоонун маңызы жоктой.
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Өмүрдүн кызыгы жоктой.
А менсиз, менсиз сага,
Жашоонун маңызы барбы?
А менсиз, менсиз сага,
Өмүрдүн кызыгы барбы?

Өткөнчө өмүр өзүңдү эле сүйөмүн,
Алыска кетсең, күтүүдө өтөр күндөрүм.
Билемин сага ашыккан жалгыз мен эмес,
Менден да башка канчалар жүрөт жетпестен сага.

Кайырма:

Комментарийлер (37)

13.06.2015. 02:37
 A3A
:) соонун болуптур.
Ийгилик!
13.06.2015. 10:54
 sagyn01
Жоодар суперсин, ырларын баары жакшы, КР ге барсам концерт кой деп кыйнаймго сени. Бир гана кыздардан емес озун тендуу балдардан да куйорман топтой алдын.
13.06.2015. 12:48
 nurgultoktogul
Жоодар бешим мурда жакшы чыгып жаткансын,азыр кыйкырып окуруп еле коюп элди иренжитип жатасын,кыйкыра берсен бир угабыз анан болду.Жакшы ыр жазсан угат элек менин соткамда мурунку ырларын бар,бул ырларын анча эмес.Эл жакшы ыр кутот.И баса жок болуп кетпей чыксан кайра,ато Токтогулдуктар уят болобуз.Нурлан Насиптей,Нурмат садыровдой болсон боло!
13.06.2015. 13:03
 Jigitronic
Кыргызча дагы бир ыр жарык дүйнөгө келиптир да эми.
13.06.2015. 16:20
 mendibay
Jakshy goi
13.06.2015. 19:31
 Abdyrashit.Satylganov
Ообону жакшы... Болгону кыйкыра бергени бир аз ырдын нугунан чыгарып жиберет экен...
13.06.2015. 19:35
 suiuktuujar
Жакшы ыр экен.
13.06.2015. 19:37
 Abdyrashit.Satylganov
Ырдын Ортосунда кыйкыра берсең Жоодар.. Ырынды бир укканга жарап калат
13.06.2015. 23:34
 nur4607
Жакшы ыр молодец
14.06.2015. 02:08
 nurgultoktogul
Бир чыгып кайра очкон жылдыздарга окшоп калдын жердеш!!! Кыйкыра берсен деле кайрат менен нурланга окшобойсун.Былтыр катуу чыктын эле.Быйыл кыйкырып эле калыпсын.Дагы айтам Токтогулдуктарды уят кылба!
14.06.2015. 11:13
 maks94.kb
Айтарым аракетине 5 бирок бираз иштеш керек эртеп эле ырдай бербей.ошончо ырындан мага жакканы жазгы жамгыр атуу ырын болду ашыкча нерселерди колдонбой мыкты акындар менен иштешсен сенден мыкты ырчы чыгат сенде ун бар
14.06.2015. 12:49
 orhidea83
Соонун укулуктуу
14.06.2015. 17:30
 Rasul_Rahmanaliev
Жоодарбесим кыйкыра берет экен да))))мага обон жазып берем деди эле,кыйкырбай турган кылып жаз)
14.06.2015. 21:49
 Liza.
Kairat Nurtas ele bolup kalyptyr go
15.06.2015. 12:31
 Amantur.
Негизи Жоодарбешим жакшы,мындай душевно ырдайт.Бирок,бир гана ушу ырдын текстерине көп көңүл бура бербейт да.Уйкаштык көп ырларында жок.Сүйлөмдөрдү эле ыр кылып ырдап койгонго окшой берет.
15.06.2015 12:40
mechta_tv
Amantur., мага эле байкалат десе сиз да байкайт турбайсызбы. Эптепле ырдап кое берет го созун.
Арасында 1-2 ыры бар уккун келе турган калганы арзан ырлардай
Комментарийлерди жашыруу
17.06.2015 09:14
KblCHASS
mechta_tv,музыканын ыргагы менен угуп кое бергиле да.
15.06.2015. 12:49
 Paiaz
Жоодарбейшин жакшы ырдай сынчы сындай берет бирок оздору ошону жасай албай бул балага ырахмат кандай болсо да кыргызстандын жылдызы
15.06.2015. 13:39
 Realtilia
Кыйкырбай эле ырдаптыр го...
15.06.2015. 14:36
 ArGeN4iK
Азыр жаны чыккан ырлары начар
16.06.2015. 07:19
 spinkub
Каерде кыйкырган эч эле укпадым. ХХХ ХХХ Ыр нормалеМодератор admin_media түзөттү 2015-06-16 10:34:52
16.06.2015 10:35
admin_media
spinkub,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар.
23.06.2015. 02:50
 Beka95
кыйкырган жерин байкай алган жокмун ыр жакшы сонун ушул биро жакшы ыр жаратса коро албай созсуз жаман жагын издеш керек
24.06.2015. 14:56
 Gaydana
4 cапты кайталап кайталап, на на на на деп эле ыр чыгарып кое берет экен да
29.06.2015. 09:39
 Aipri
Соонун ыр болуптур. Эми клибин кутолу.
05.07.2015. 16:02
 disko
аранжировка соонун женгиз эмеспи ийгилик
13.07.2015. 17:04
 dastan94
Азаматсыз ушул ыр аябай жакты талантыныз ташкындай берсин
01.09.2015. 09:34
 Nurbolot_1990
Текст жазып койунуздарчы
01.09.2015. 10:43
 Nurbolot_1990
Жакпагандар кыйкырат дешетда,мага жакты баары ЗЫНК.
09.12.2015. 11:36
 Fatmagul
Ушул ыр жакты мага
07.03.2016. 12:54
 Sabyr_Baymatov
Супер чыгарма болуптур рахмат
25.09.2016. 12:16
 gera.adk
ушул ырчы сонун ырдайтта. азаматсыз
21.03.2019. 07:13
 M.Lancer
Аксана:
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Жашоонун маңызы жоктой.
Сенсиз мага, сенсиз мага,
Өмүрдүн кызыгы жоктой.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо