Гүлжигит Калыков "Күттүм сени"
03:31
6,56 Мб
Жүктөлгөн: 16-07-2010
Жанр: Поп
Сөзү:Г.Рыспаеваныкы
Обону:К.Календаровдуку
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(12 добуш)
Күттүм сени жолуң карап,
Күттүм сени келет деп.
Саамайыңды желге тарап,
Жалгыз турдум сени эстеп,
Күттүм сени күндөп-түндөп,
Күттүм сени сагынып,
Келет деген үмүт менен,
Турам зарыгып.

Кайырма:
Сен жүрөсүң кайда?
Таба албайм айла.
Таш белең кыздардын жүрөгү?
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Күттүм сени күн өтсө да,
Күттүм көңүл калбастан.
Үмүтүмдү үзө албай,
Максатымдан танбастан.
Күттүм сени, күтө берем,
Жашоо сенсиз жалгандай.
Жалгыз гана күтүү үчүн,
Жаралып мен калгандай.

Кайырма:
Мен убакыт санап,
Жолуңду карап.
Күндөрүм күтүүдөн жүдөдү.
Ансайын көрсөм деп эңсеткен,
Ак сүйүүм бир гана сен деген.
Жоодурап көздөрүң элестеп,
Жолуңдан күтөмүн кетпестен.

Сагынычта өткөрөмүн күндөрүмдү,
Ойго салып, оорутпачы көңүлүмдү.
Билесиңби сен, сезесиңби сен?
Күтүү менен күн өткөрүп жүргөнүмдү.

Көргүм келет сенин кара көздөрүңдү,
Айткым келет сагынычка толо сөзүмдү.
Жүрөгүмдө сен, ойлорумда сен,
Дагы эле күтөм өзүңдү.

Кайырма:

Комментарийлер (30)

16.07.2010. 17:24
 Айдарбеков
2008-жылкы ыр. Просто жаныча иштеп чыгыптыр...
17.07.2010. 09:23
 D.DROGBA
Гулжигиттин баштапкы продюсери Айбек Акматов эле. "Супер Инфо"дон окуганыма караганда анын азыркы продюсери Канат Култаев. Демек Гулжигит Айбекти тыштап кеткен го. Ыры жакты жакшы ыр экен! Баланын келечеги бар бирок канча жылдыз болсон да адамгерчилик деген нерсени унутпашың керек.Жолуң байсалдуу болсун, арышың арта берсин! Journalist
17.07.2010. 23:05
 freid
Канат Култаев эмне эле жигиттерди ала берет?????
Голосу бар экен.
19.07.2010. 02:30
 erma
jakshy yr eken soz jok 555555
19.07.2010. 08:41
 Nura
Ушул ырды ким ырдайт деп ойлочу элем да...
19.07.2010. 09:03
 Саулешка
Даниелдин унуно окшоп кетет экен. Аябай жакшы ыр экен +5!
19.07.2010. 11:37
 Шаиста Шатманова
үнү жакты! Ырдай алчу балдардын бири экен, эми репертуарына жакшы көңүл бурушса эле өсөт.
19.07.2010. 16:18
 MaRmeLaDka
М-ммм, үнү тунук,өзү да жакшынакай жигит экен.Ыры да жакты.Канат Култаев менен иштешсе, келечеги кең болот жигиттин гүлүнүн. Ийгилик!
21.07.2010. 13:27
 Латыш
Коптон тааныш ыр экен...
22.07.2010. 12:34
 altisha
blin klassnaya pesnya!etu pesnu znau uje davno!
23.07.2010. 23:07
 spinkub
Уккан сайын уккум келип жатат сонун ыр экен!Азаматсын!!!
27.07.2010. 17:57
 Асылжан
Азамат,кээ бир адамдардын оюн айткан ыр экен.
27.07.2010. 17:58
 Асылжан
Кочурууго мумкун кылып койгулачы,суранам.
08.08.2010. 02:52
 Apple
super
16.08.2010. 16:15
 BiLLy Beck
Kanat Kultaev bul jigitke producer bolup jatkany jon jerden emes!Demek bul jigite a9bai 4oon potencial bar!Kanat Kultaev showbiznesti jakwi bilip kalbadyby,emi bul jigit osot onugot! Negizi Kanat Kultaevdi producer katary a9bai jakwi baalaim!Bar bolun!
17.08.2010. 12:45
 NargizKG
Guljigit! jashtykka, mastykka aldyrba! emne kylsan da adam boydon kal. atak-dank degen koldun kiri bugun bar da erten jok!!!
19.08.2010. 15:28
 toktokan
Уну сонун экен!
23.08.2010. 08:10
 jiya
100 iret uksam da e4 tajabaim.klassnaya pesnya...........100%
26.08.2010. 15:12
 andormeda
Жакшы ыр!!! Эски варианты да жагат мага....
17.09.2010. 11:35
 Jandusik
Негедир ушул чыгарманы укканда башымдан откон "Love Story" эсиме келет. Жанга жагымдуу ырлардын бири экен...
02.10.2010. 16:52
 aalam
Сонун ыр. Уну, созу жана обону топ келишкен сонун музыкалык композиция болгон. Радиодон биринчи жолу укканда эле коптон бери бул ыр журогумдо жашап жургондой сезилди. Азамат!!! Чыгармачылык бийиктикти каалайм.
08.10.2010. 02:49
 nurikKGB
Жакты!!!
08.11.2010. 05:48
 Arstan
Мага жакты жакшы ыр экен. Калыков Кубиктин баласы эмеспи случайно?
13.11.2010. 22:40
 salamalik
Кандай Гульжигит! Молодец! Беш койдум! Онугуп осо бер! Сенде баары бар: суулулук десе сулуулук, ун десе ун, бой десе бой! Бар бол!
08.12.2010. 13:31
 KbIPGbIZZ
Жакшы напраление! Ырдаганы, аранжировкасы, сведениеси, ыры = Баары жакшы! Кайра-кайра угуп жатам.
02.01.2011. 07:52
 Romantic
molodec,sonun yr eken!!!
24.11.2012. 19:24
 kalima1970
жакшы!!!
01.12.2012. 12:43
 Nosonte
2007 ))))))
05.01.2014. 19:17
 goodman02
супер инфо силерден сураныч Гулжигиттин Дил билет деген ырын киргизип койгулачы
06.01.2014 09:47
admin_superstan
goodman02, Саламатсызбы!
Жүктөп койгонго аракет кылабыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо