Айпери Кулбаева, Түмөнбай Колдошов "Досторго"
03:48
3,48 Мб
Жүктөлгөн: 23-06-2015
Жанр: Поп
Сөзү:Улукбек Омокеевдики
Обону:Түмөнбай Колдошовдуку
Көчүрүү
  • Currently 4.83/5
(6 добуш)
Жар бойлоп, чие тапса, санап жешкен,
Жаш кезде шоктук кылып, таяк жешкен.
Таппаймын берер дүйнө досторума,
Тандашып, жакшы кызды "аяш" дешкен.

Кайырма:
Досторум, ыйманга жол салгылачы,
Досторум, эл деп күйүп, жангылачы
Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы.

Сүрөшкөн, күлүк болсом жарыштагы,
Таптаган, саяпкерим алыстагы.
Сезилет силер менен чечилчүдөй,
Досторум, турмушумдун табышмагы.

Кайырма:

Мен азыр арзуу, үмүт ынагымын,
Сүйүүнүн берипсиңер гүл азыгын
Силердей асылдарга кошконуна,
Миң ирет жаратканга ыраазымын.

Комментарийлер (5)

05.11.2015. 15:29
 Nurik_UFC
супер инфо текстин жазып койгулачы
06.11.2015. 12:26
 Jakusya
Керемет ыр...
Досторум...
Өзгөрсүн жакшы жакка тагдырыңар,
Өзүңөр ушул бойдон калгылачы.
15.01.2016. 21:45
 Sarinji
талантына таазим Туголбой иним
28.09.2016. 20:50
 Myrza.
Абдан эн мыкты ыр
15.02.2017. 08:06
 Janymsyn
ЯОзу ырдаганы жок беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо