Зейнеп Шаакеева "Чагылган"
02:20
3,22 Мб
Жүктөлгөн: 20-07-2010
Жанр: Ретро
Сөзү:К.Алмазбековдуку
Обону:А.Атабаевдики
Көчүрүү
  • Currently 5.00/5
(8 добуш)
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.

Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
“Аппагыңды көрүп алчы” дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.

Жарк дегенде неге сени карадым?
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.

Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?

Комментарийлер (26)

20.07.2010. 16:09
 Colt45
мына ушуну укса болот. мыкты ыр.
20.07.2010. 17:17
 honey
Эми илгерки ырларга соз жок да.
21.07.2010. 04:40
 aziattita
10++++++++++++++++++++++++
21.07.2010. 19:20
 freid
иииий-ииий!!!!! Ыр эмес бекен!!! Бах, чиркин!!!!
21.07.2010. 23:50
 maksatumetov
кыргыздын классикасы. уважаю классику кыргызстана.
22.07.2010. 02:45
 belekaripov
Menin Kyrgyzstanyn iii
25.07.2010. 10:30
 NurlanKusch
en jakwy yr eken...obonu da sonun eken..
29.07.2010. 10:56
 tynalieva
Зейнеп эже аман болунуз!!!
07.08.2010. 22:45
 Azamat J
супер инфо ушу сыяктуу эски ырларды кобуроок берип турсун
07.08.2010. 22:47
 Azamat J
кочуртуп койгулачы сураныч силерден супер инфо
23.08.2010. 10:15
 kubala
как скачать подскажите
08.11.2010. 05:31
 Arstan
Кандай гана сонун ыр,кандай гана уккулуктуу ун ээ,бар болунуз эжеке.
02.12.2010. 20:16
 zzahra
Zeynep eje aman bolunuz deysiner go Zeynep eje arabizdabi dagi dele?
09.12.2010. 21:26
 nivell
супер!!!!!!!!!!!!!!!!!1
15.01.2011. 05:28
 timurlan
Сонун.
10.08.2011. 05:28
 Merischka
менин эн суйгон ырымдын бири!!!!!!
30.09.2011. 20:14
 uLiUs
ni4ese almazbek atambaev obon jaratavy?)))))
23.10.2011. 02:12
 nurkaa
эс ала тушосун ээ
06.03.2012. 19:59
 baldyz
Аксуубай Атабаев АША эмес.
15.03.2012. 17:54
 kanibeka
ох кандай ыр
18.05.2012. 15:52
 nimfa.
сонун обон, мыкты аткаруу!
20.08.2012. 12:00
 Almaz-93
кандай сонун
02.01.2013. 00:14
 aziret_voin
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол түндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге???
Эски ырлар эстен кетпес сонун ыр чын эле уксан эс ала тушосун..
24.02.2013. 15:14
 never-cry
yrchylardyn baary uwundai yrdawsa
08.03.2013. 15:12
 mir_ak.kg
ииииииий ушундай ырларды укканда энергия алам да озумо. Оой кандай керемет э илгерки ырлар. А азыркы ырларга соз жок айрыкча маанисиз ырларга
11.02.2014. 11:46
 hakker
Азыркы жаштар ыр деп туфта нерселерди угуп журушот да.Аксуубай Атабаев деген керемет ырлардын авторун Атамбаевге алмаштырып.Кичине китеп бетин ачып койсонор боло--урматтуу жаштар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо