STYLE MIX тобу "Акыркы кат"
04:21
3,98 Мб
Жүктөлгөн: 29-06-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.27/5
(15 добуш)
Бакытым менин, жыргалы өмүрдүн,
Балына батып гүлдөрү көңүлдүн.
Баркына жете албай тез эле алыстап,
Балбылдап жанган чырагым өчүрдүң.

Кайырма:
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?

Убакыт жылбай, унутпайм көзүңдү,
Убара кылбай, аячы сезимди.
Алмашкыс байлыгым жашоодо сен элең,
Уурдатып алдым уңгусун сөзүңдүн.

Кайырма:

Мен эми башка өкүнүп ыйлабайм,
Төгүлгөн жашка жүрөктү кыйнабайм.
Тебелеп сезимимди,
Теңсинбей кетериңди билбептирмин.
Булактай сезимимди кирдеттиңби?
Арнаган сезимимди,
Ашыгым, анда дагы билбедиңби?

Комментарийлер (12)

29.06.2015. 15:52
 dastan_nookat
Эн жакшы жакты мага!!
01.07.2015. 12:31
 ainuska00
мага да жакты че то
02.07.2015. 17:30
 Yanke
От души!
06.07.2015. 22:56
 dastan_nookat
Жай аткарган да сиздерге жарашат. экен алга алга!!
09.07.2015. 01:54
 luch.sveta
Соонун ыр болуптур.
01.09.2015. 16:17
 tamerlan0703
Супер инфо саламатсыздарбы?!Ырдын создорун жазып коюнуздарчы.
17.10.2015. 00:03
 dastan_nookat
Клипби чыкты эми сайтан кутобуз
23.10.2015. 22:06
 dastan_nookat
Клип сонун ыры сонун баары керемет!!
26.05.2016. 18:29
 Malywka90
Сонун жакты мага!
15.07.2017. 23:38
 bayan_toktomushov
Супер ыр болуптур.Азаматсынар
28.12.2017. 21:08
 Anil9901
Ушул ыр озгочо жагат, мумкун мааниси жакшыбы?? Билбейм.
22.02.2018. 00:32
 supeeri
Ушул ырды суйом...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо