Кызсайкал, Мажит "Апакем"
04:10
3,82 Мб
Жүктөлгөн: 01-07-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 4.29/5
(7 добуш)
Ааламга таанытып көзүңдү,
Апа деп кубантып өзүңдү.
Ар убак арнадың мен үчүн,
Алтынга алмашкыс кезиңди.

Сагынсам, алдыңа бара жай,
Сапардан кайтуучу адамдай.
Санаада жүрөмүн апаке,
Сага арнар бакытты таба албай.

Кайырма:
Ай десең, айды алып берейин,
Айтчы апа эмнеге теңейин?
Урматтап жүрөктөн арнаган,
Ушул ыр өзүңө белегим.

Күнүмсүң нур чачкан асманда,
Гүлүмсүң кумарым артканда.
Кымбатым, тамырым өзүңдө,
Кыйналам сен түйшүк тартканда.

Өкүнбөс өмүрлөр аз экен,
Өзүң бар көңүлдөр жаз экен.
Өткөрүп бактылуу күндөрдү,
Өмүрлүү боло көр апакем.

Кайырма:

Комментарийлер (9)

01.07.2015. 16:26
 admin_media
Jigitronic, саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап, кайра аракет кылып көрүңүз.
02.07.2015. 02:09
 anara-anara
Азаматсынар сонун чыгарма!! Талантынар ташкындай берсин жакшы ырларды кутобуз.
02.07.2015. 12:47
 Мэри
Бек байкенин ыры, Мая ырдачу... Булар да жакшы ырдашыптыр... Жакшы ыр...
02.07.2015. 17:58
 Mahmud91
salamatsyzby admin MARAL abdykerimovanyn yrlarynan zhuktop koysonuzdar
02.07.2015 18:49
MEDIA-P
Mahmud91, http://www.super.kg/media/?search_term=Марал+Абдыкеримова&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
03.07.2015. 18:23
 Aimax14
Супер-инфо созу менен минусовкасын жуктоп койгулачы сураныч?
18.12.2015. 19:02
 belayalan
Азаматсыңар!!!
27.12.2015. 19:52
 ask_altynai
salamatsyzby admin, saikaldyn joodarbeshim mn yrdagan "tunuk suiuu" yryn juktop koesuzbu???
17.02.2016 10:09
admin_media
ask_altynai,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, мүмкүнчүлүк болгондо жүктөп койгонго аракет кылабыз, рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо