Руслан Нарынбаев "Жомок"
03:02
2,78 Мб
Жүктөлгөн: 02-07-2015
Жанр: Поп
Көчүрүү
  • Currently 3.00/5
(2 добуш)
Балбылдап көздөрүң турат,
Багымды ачар сөз курап.
Бардыгы даяр сен үчүн,
Баш кошсок деп тилейм мен сурап.

Буралган чачтары узун,
А койчу, ай, булуттан түшкөн жансыңбы?
Комузумдун кулагын буурап,
Күү толгойм кайрыгын улап
Күүлөрүм даяр сен үчүн.
Күлкүңө кошор күч-кубат.
Айчүрөктөй сулуулугуң бар,
А койчу, ай, асмандан түшкөн жансыңбы?

Жымыңдап көздөрүн жумат,
Жаркылдап жанымда турат.
Жүрөгүм даяр сен үчүн,
Жүрөлү көңүлдө биз куунак.

Жомоктой сулуулугуң бар,
А койчу, ай, жылдыздан түшкөн жансыңбы?

Комментарийлер (4)

09.07.2015. 16:27
 alina1983
соонун ыр
созун жазып коесуздарбы?
24.12.2016. 00:06
 bekbekei
Урматтуу админ жаны версиясын жуктоп коесузбу сураныч
03.01.2017. 02:05
 Tynchtykbek84.kg
Ырахмат супер инфонун жамааты!Коптон бери ушул ырды издеп таппай журдум эле
09.05.2017. 20:28
 Aselya_9105
Марат Шариповдун аткаруусунда ушу ырды көпкө чейин угуп жүрчү элем 3-4 жыл мурун. Сонун ыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Политика конфиденциальности
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо